jump to http://www.kapriz.kg/issyk-kul/news/961-party-in-style-90-x-on-new-years-eve.html/
4 декабря 2017, 20:45

Чубак ажы экинчи аял албаганын ШИИБге сурак берүү учурунда айтты

Диний аалым Чубак ажы Жалилов экинчи аял албагандыгын айтты. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

 

 

 

Чубак ажы экинчи аял албаганын ШИИБге сурак берүү учурунда айтты

 

“Менин сүйүктүүм бар. Бирок ал менен жарандык дагы, расмий дагы никеде эмесмин. Кыргызстандын бир дагы жаранын мыйзам бузууга чакырбайм”-деди деп маалымдайт Бишкек ШИИБ.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин 

кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов мындан бир нече күн мурда экинчи аял алгандыгын шардана кылган. Диний ишмердин мындай кадамы мыйзамга карама-каршы келээрин айткан жарандык активистер менен укук коргоочулар арыз менен милицияга кайрылган. Эки күндөн бери Чубак ажы Жалилов сурак берип жатканы белгилүу болгон.

 

 

Эскерте кетсек, ал буга чейин kabarlar.org басылмасынын "Маанилүү маек" рубрикасына келип, "экинчи аял алганым чын" -  деп айтканы бар эле. 

 

 

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter