7 декабря 2017, 13:59

Жети-Өгүздө катылган курал-жарак табылды

Жети-Өгүздө катылган курал-жарак табылды

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда капка салынган курал-жарак табылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиргенине караганда, окуя 4-декабрда болгон. Райондук милицияга маалымат Чек ара кызматынан келип түшкөн.

Чек ара кызматынын жоокерлери Ак-Шыйрак өрөөнүнүн Кара-Аска жергесиндеги асканын түбүнөн капка салынган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдан эки даана, ошондой эле 20- жана 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал таап алышканын билдиришкен.

Учурда бул ишти райондук ички иштер башкармалыгы териштирип жатат. 

Отправить новости WhatsApp News
Uuljan
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter