jump to /
13 января 2018, 16:05

Казакстанда кыргызстандык жаран унаа алдында калып каза тапты

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү маселелери чечилип жатканын маалымдады

Казакстандын Астана — Караганда трассасында унаа сүзүп 45 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 12-январда түшкө маал болгон. Маркум Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кошчу айлынан экени аныкталды.

 

"Рулда отурган казакстандык жаран борошо, шамалдан улам тыюу салынган жерден өтүп бара жаткан жөө адамды көрбөй калганын айткан", — деп жазылат маалыматта.

 

Каза болгон киши тууганы экөө "ВАЗ" унаасы менен Россиядан Кыргызстанга келе жатканы белгилүү болду. Ал эми Казакстанга 11-январда кирген.

 

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү маселелери чечилип жатканын маалымдады.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter