jump to https://bit.ly/2E2nkuf /
12 марта 2018, 18:49

Ош: «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын 16 мүчөсү кармалып, 9 жаран эркинен ажыратылды

Ош облусунун аймагында «Йакын Инкар» диний экстемисттик агымынын 16 мүчөсү кармалып, 9 жаран эркинен ажыратылды. 2018-жылдын 1-март күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен 9 жаран Кыргыз Республикасынын кыдмыш-жаза Кодексинин 299-1-беренесинин 2-3 –бөлүктөрүндөгү кылмыш белгилери боюнча 3жана 4 жылга эркиндиктеринен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөө үчүн сот залынан камакка алынды. Бул жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында 2017-жылдын 15-июнь күнү Бишкек шаардык жана Октябрь райондук соту тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган « Йакын Инкар» диний экстемисттик агымынын мүчөлөрү катары Кара-Суу районунда Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.Мындан сырткары дагы 7 жаранга карата тергөо иштери жүргүзүлүүдө. 6 жаран Араван районунуан 1 жаран Өзгөн районунан кармалышкан.Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter