jump to https://bit.ly/2E2nkuf /
13 марта 2018, 14:59

Мэр А.Кадырбаевдин отчётун шаардын депутаттары канааттандырарлык деп табышты

Бүгүн, 13-март күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомдук активисттер чогулган, деп билдирди мэрия.

Сессиянын күн тартибине 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчёту каралды. Алгач мэр А.Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жылдык отчетун канааттандырарлык деп табышты.

Күндүн экинчи жарымында сессия уланып, дагы 10 маселе каралат.

Мэр А.Кадырбаевдин отчётун шаардын депутаттары канааттандырарлык деп табышты

 

 

Мэр А.Кадырбаевдин отчётун шаардын депутаттары канааттандырарлык деп табышты

 

 

Мэр А.Кадырбаевдин отчётун шаардын депутаттары канааттандырарлык деп табышты

 

 

Мэр А.Кадырбаевдин отчётун шаардын депутаттары канааттандырарлык деп табышты

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
2 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter