jump to https://bit.ly/2E2nkuf /
14 марта 2018, 16:16

Акылбек Жамангулов ТЭЦке орнотулган видеокамералардын сүрөтүн жарыялады

Жогорку Кеңештин депутаты, ТЭЦтеги аварияны иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов аталган мекемеге бүгүн барып, орнотулган видеокамераларды көрүп, сүрөттөрүн Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ТЭЦте иш жүзүндө 123 видеокамера коюлса, алардын 8и гана ысыкка чыдамдуу, калгандары кадимки эле көзөмөлдөө үчүн коюлган видеокамералар.

"Бүгүн ТЭЦке барып, ишкананын жетекчилиги жана ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен кыдырдык. Иш жүзүндө 123 даана камера орнотулуптур. Анын ичинен барабан менен казан мештер турган жерге сегиз гана атайын видеокамера коюлган. Калгандары кадимки эле камералар", — деп жазган депутат.

 

       Акылбек Жамангулов  ТЭЦке орнотулган видеокамералардын сүрөтүн жарыялады

 

 

Эске салсак, ТЭЦке ар бири 14 500 доллардан болгон видеокамералар коюлганы боюнча маалымат тараган. Кийин "Электр станциялары" ААКы аны төгүнгө чыгарып, ысыкка жана суукка чыдамдуу болгон атайын видеокамералардын баасы 300 доллардан экенин айтып, ТЭЦтин аймагына жалпысы 128 камера коюлганын айткан.

 




meerim
1 комментарий
  • эл
    Корсоттун баарына, анан эмине болду, эмине озгорду Кана кунолуунун табылганы Йобаны вроттор долбаептор Калптан эле комисия тузуп изилдемиш болуп суйлоп коюшат Долбаептор, эн куноолу биринчи артыкбаев гнидасы, аны колдогон чмо ошол кездеги чмо депутаттар, жанторо долбаебу, аша манкурту Мына ушулар эле куноолу Бляяя буду кыргыз чондору жеп жутарлар али бери адам болбойсунарго Чмолор!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter