jump to https://bit.ly/2KwkJae/
15 мая 2018, 16:26

С.Жээнбековдун агасынын ысымы Жалал-Абаддагы университетке ыйгарылды

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин негиздөөчүсү, туңгуч ректору жана президенти Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин 70 жылдыгы жана аталган окуу жайдын 25 жылдыгы белгиленди. Мааракеге карата профессор Кантөрө Токтомаматовдун ысымы аталган окуу жайга ыйгарылды.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева баштаган топ, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөдөн кеген коноктор жана Кантөрө Токтомаматовдун жакындары, санаалаштары катышты.

Иш-чарада алгач окуу жайда тургузулган К.Токтомаматовдун эстелигинин ачылышы болду.

Иш-чаранын катышуучулары Кантөрө Токтомаматовдун окуу жайда кылган иштери жана ийгиликтери чагылдырылган көргөзмөгө күбө болушту. Андан соң, жыйындар залында ага арналган тарыхый тасма көрсөтүлүп, келген коноктор куттуктоолорун айтышып, белектерин тапшырышты.

Эл аралык университет Кыргыз Республикасынын президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги жарлыгы менен түзүлгөн. Адегенде Жалал-Абад коммерциялык институту деп аталган. 2005-жылдан баштап Экономика жана ишкердик университети, 2017-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети атында иш жүргүзөт. Окуу жайдын азыркы ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков эсептелет. Эл аралык университетте учурда 5 миң студент жана 17 мамлекеттен келген ар улуттун өкүлдөрү окуйт.


Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин кыскача өмүр баяны:

Токтомаматов Кантөрө Шарипович 1947-жылы 20-декабрда туулган. Экономика илимдеринин доктору. 1993-жылдан баштап, азыркы убакка чейин Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкерлик университетинин ректору болуп иштеген.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1970-жылы Ош облусунун эл чарбасын кардылоо бөлүмүнүн инспектору болуудан баштаган.

Бир нече жолу Жалал-Абад облустук кеңешинин депутаттыгына шайланган. Билим берүү тармагында 40 жылдан ашык иштеген. Кесиби боюнча бир нече сыйлыктарга ээ болгон.

Кантөрө Токтомаматов 100дөн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору болууга жетишкен.

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter