jump to https://www.facebook.com/ayu.grandcomfort/?ref=br_rs/
16 мая 2018, 15:11

Жээнбеков коррупционерлер кайтарган акчаны атайын эсепке топтоону буйруду

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда  өндүрүлгөн акча каражаттарынын  эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелерди чечүү тапшырмасын берди.

 

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев  прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланды.

 

Өкмөткө бул максаттарда атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter