jump to https://www.facebook.com/ayu.grandcomfort/?ref=br_rs/
16 мая 2018, 15:14

Сапар Исаков: ЖЭБ чуусу боюнча корутундуга Жээнбековду да кошуп жазыш керек

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна бардык ысымдар жазылышы керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

 

Исаков бул корутундуга учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун аты да жазылышы керек деп эсептейт.

 

- Корутунду акыйкат болушу үчүн Сооронбай Жээнбековдун ысымы киргизилип, бардык тиешелүү адамдар аталышы керек, - деди Исаков.

Ал ошондой эле "парламент саясий өлүккө” айланды деген билдирүүсү үчүн депутаттардан кечирим суроо сунушунан баш тартты.

 

Исаков кечирим сурашы керек деген талапты “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов көтөрүп чыккан болчу.

“Мен 120 депутатты “саясий өлүк” деп айткан жокмун. Парламент деп айткам. Экинчиден, ал учурда сиз оппозицияда болчусуз жана бул сөздүн сизге тиешеси жок” деди Исаков. 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter