jump to https://bit.ly/2kT0I2R

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чыгарды.

 

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү Сапар Исаковдун бөгөт чарасы тергөө аяктаганга чейин камакка алууга өзгөртүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматында 29-майда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралганы эске салынган.

 

Исаков бүгүн сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке төртүнчү жолу (УКМК) келген. Кирип баратып ошол жерде турган журналисттерге “мыйзамды сыйлаган киши катары ар бир суракка убагында келип жатканын” айткан.

 

Ал эми чыгып жатып, экс-премьер камакка алуу тууралуу  «Толук акыйкатсыздык. Сөз жок» деген пикирин билдирди.

 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 миллион доллар Кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген. Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаган.

Отправить новости WhatsApp News
meerim
6 комментариев
  • эж
    Бул келесоо элди тупой деп ойлойт окшойт Таза жебеген болсо нафик паникалайт бул долбаеп, корунуп эле турат жегени пидрдин! Жедиби камаш керек Энеендурайын ушул пидаращдардын айынын онукбой кедей болуш эн акыркы орундарды алып журобуз Аша ашаа пиздес былык адам турбайбы корсо Долбаептордуку!
  • саша
    Менин ойумда Алмазды камаш керек*
  • саша
    Тура камаган мен кошулам элдин мулкун урдагандарды*
  • 123
    еми аташкасын камагыла
  • лд
    Аябай жакшы болуптур Эми аша артыкбаев жанторо пирматов албек айтмамат раим энергетиктерди аэропорт президенттерин таможенниктерди грс чилерди министирлерди баарын чекеден камаш керек
    1. Акийкат
      Андае еле болсо Кыргызстан бут карызындан кутулуб калмак Булар топтогон акчага

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter