10 июня 2018, 18:24

Быйыл орозо айт 15-июнда белгиленет - муфтият

Быйыл орозо айт 15-июнда белгиленет. Мындай чечим Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында кабыл алынганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Быйыл орозо айт 15-июнда белгиленет - муфтият

 

Ага ылайык, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын дин өкүлдөрү Ташкентте "Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо" темасынын алкагында Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты.

 

Белгилей кетсек, орозо быйыл 17-майда башталган. Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнү болот.

meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter