jump to https://bit.ly/2kT0I2R
11 июня 2018, 16:42

Гурбангулы Бердымухаммедов Кадыр түндүн урматына абактагы 601 адамга ырайым кылды

    Гурбангулы Бердымухаммедов Кадыр түндүн урматына абактагы 601 адамга ырайым кылды

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Рамазан айындагы Кадыр түндүн урматына абактагы 601 адамга ырайым кылып, мөөнөтүнөн эрте жаза өтөөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул туурарлуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда, кечирим алгандар өз кылмыштары үчүн өкүнүп, жаңы жашоо баштоого даяр экенин билдиришти. Алар жакын арада тиешелүү чаралар өткөрүлгөн соң үйлөрүнө кайтары айтылды. Ошондой эле кечирим алгандар белгилүү бир аймактан чыкпай жашоого милдеттендирилет.

 

Айта кетсек, 2017-жылы июнда Түркмөнстандын президенти Кадыр түндүн урматына 1 миң 29 адамга ырайым кылып, абактан бошоткон. Ал эми 2016-жылы ушундай эле ырайым менен 600дөн ашык адам бошотулган.

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter