jump to https://bit.ly/2kT0I2R
11 июня 2018, 16:49

Депутат Руслан Казакбаев: “Саясий куугунтук кимге болгонун жана болбогонун тарых көрсөтөт”

    Депутат Руслан Казакбаев: “Саясий куугунтук кимге болгонун жана болбогонун тарых көрсөтөт”

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин коом жаңы бийликтен жаңы үмүт, жаңы чечимдерди жана мурунку бийлик тушунда куугунтукка алынып камалгандарга калыс баа берилет деп күттү. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.

 

Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.

Депутаттын айтымында, бардык жагдай мыйзам жолу менен иликтенип чечилиш керек.

 

“Биз көз карандысыз, өз алдынча мамлекетпиз, Конституциябыз бар. Соттолгон адамдардын бардыгы соттун чечими менен соттолгон. Алардын бошой турганын же бошобой турганын сот гана чечет да. Саясий куугунтук болгонбу, болгон жокпу, кээ бир саясатчылардын ою менен аныктай турган болсок, анда биздин мамлекетибиз жоголот. Бардык нерсе мыйзам жолу менен чечилиши керек.

"Саясий куугунтук болду" деген пикирдин жаралышына соттор адилеттүү болбой калганы коомдогу аларга болгон ишеним төмөндөп кеткенинен себеп болууда. Учурда президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагында эрктүүлүк бар экенин элге жарыялады, бул чоң жоопкерчилик. Айтылган мындан аркы аткарылчу иштерге мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, коомчулук, баарыбыз жардам кылышыбыз керек.

 

Баса белгилеп кетейин, саясий куугунтук болдубу же болгон жокпу сот чечет, соттор акыйкат болсо, коомдо мындай түшүнүктөр өзүнөн өзү азаят. Мен азыр ким саясий куугунтук менен камалганын айта албайм. Кимге саясий куугунтук болуп, кимге болбогонун убакыт, тарых көрсөтөт”, - деди Казабаев.



meerim
1 комментарий
  • Марат
    Саясий куугунтук болуш учун, саясатчы карапайым элдин арасынан чыгып элдин талабын коргоп аны ишке ашырганга аракет кылганда сот жообуна тартылыш керек Азыркы камалган саясатчылардын баардыгы бийлике келип байыгандан башканы ойлобогондор, карапайым эл менен иши жоктор Булардын оорду турмодо

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter