13 июня 2018, 18:22

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүргөн - фото

 

Такталган маалымат боюнча 12-июнь күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүргөн. 13-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоосу боюнча Ак-Сай айыл аймагынын Керме-Тоо айылында 45 турак үйдүн огороддорун, 30 курулуш чарбаларын, 300 метр ички чарбалык унаа жолду, 500 метр ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган жана 1,5 чакырым дамбаны сел суулары бузган. Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комссиясы Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.  Кошумча маалымат берилет.

 

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүргөн - фото

 

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүргөн - фото

 

Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел жүргөн - фото

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter