18 февраля 2015, 10:04

Улуттук банк: «Балтикумс Интернешнл» ЖЧК Кыргызстанда банктык кызмат көрсөтүүгө уруксаты жок

Улуттук банк: «Балтикумс Интернешнл» ЖЧК Кыргызстанда банктык кызмат көрсөтүүгө уруксаты жокКРдагы жалпыга маалымдоо каражаттарында «Балтикумс Интернешнл» ЖЧК жана анын өкүлчүлүктөрү, тагыраак айтсак, Baltikumsbank эсептешүү эсебин ачуу, төлөм карты жана соода-сатыкты финансылоо кызматтарын көрсөтө тургандыгы тууралуу жарнамалык билдирүүлөр пайда болгон.

Бул тууралуу, "Кабарлар" МА бүгүн, 18-февралда КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, КРдагы банктар жана банктык ишмердүүлүктөр тууралуу КР мыйзамынын 20-беренесине ылайык, чет мамлекеттик банктын өкүлчүлүгү бир гана Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Өкүлчүлүк ачууну каалаган чет элдик банк, аны ачуудан эки ай мурда Улуттук банкка маалымдашы жана өкүлчүлүк ачуу үчүн уруксат берүүчү баардык тийиштүү документтердин пакетин алып келүүсү талап кылынат. Аны менен бирге жогоруда айтылган финансылык түзүм банктын өкүлү катары анын бардык кызыкчылыктарын коргойт жана анын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык лицензияны талап кылуучу депозиттерди кабыл алуу, кредит берүү, эсептешүү жана башка операцияларды жүргүзүүдөн сырткары бүтүм чыгарууга жана башка мыйзамдуу иштерди жүргүзүүгө укугу бар.

Улуттук банк КРда Baltikumsbank аты менен кызмат көрсөтүп жаткан «Балтикумс Интернешнл» ЖЧК өкүлү, Улуттук банктын коммерциялык банктарынын өкүлчүлүктөрүнүн реестринде каттоодо турбагандыгын билдирет.

«Балтикумс Интернешнл» ЖАК да, Baltikumsbank да Улуттук банктын уруксатын алынбагандыктан, жогоруда айтылган кызмат көрсөтүүлөр КР мыйзамын бузуу менен жүргүзүп жатат.

Ушуга жараша КР Улуттук банкы алдамчылык окуяларын алдын алып, жарандарды «Балтикумс Интернешнл» ЖЧК кызматынан пайдалануудан алыс болууга чакырат жана кыргызстандыктарды мындан ары дагы финансы-кредиттик мекемелерди тандоодо сак болууга, ошондой эле алардын КРнын Улуттук банкынын уруксат/лицензиясынын бары-жогун текшерүүгө чакырат.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Присоединиться в нашу группу WhatsApp
Айгул Кенжеева
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter