jump to http://jeenbekov2017.kg/
28 марта 2013, 07:18

Максим Бакиев 25 жылга эркинен ажыратылды

Максим Бакиев 25 жылга эркинен ажыратылды
Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР Борбордук өнүгүү, инвестиция жана инновация (БӨИИ) агенттигинин мурдагы жетекчиси Максим Бакиев КЖКнын 30, 303 жана 306-беренелери боюнча айыптуу деп табылып, КР КЖКнын 59-беренесин колдонуу менен тиешелүү кызматты 3 жылга чейин ээлөө укугунан ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, жазаны күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөө менен 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Анда белгилүү болгондой, мамлекеттик айыптоочу Максим Бакиевди айыптуу деп табууну жана үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга күчөтүлгөн режимде жазасын өтөөнү суранган.
Соттун бул чечимин эске алып, КР Башкы прокуратурасы аны Кыргызстанга экстрадициялоого ниеттенүүдө.

Эске сала кетсек, Максим Бакиев 2007-жылы КР Борбордук өнүгүү, инвестиция жана инновация (БӨИИ) агенттигинин жетекчиси болуп туруп, «Витязь» пансионатынын аймагындагы табигый жайга киргизилген жалпы аянты 9,32 гектарды түзгөн жер участогун КР мамлекеттик менчигин менчиктештирүү программасынын 3.1.2 пункттарынын талабын четке кагып, атасынын таасирин пайдаланып, Ысык-Көл-Нарын аймактык Мамлекеттик мүлк башкармалыгына аталган жер участогун ишенимдүү адамы – «Витязь» пансионатынын директоруна менчиктештирүү тууралуу оозеки көрсөтмө берген. Бул иштин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 123 498 700 сомду түзгөн зыян келтирилген.

Ал эми, 2008-жылдын башында «Кыргызэнерго» ААКны мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө А. Ширшов-«Чакан ГЭС» ААКнын ээси менен сүйлөшүп алып, «Түндүкэлектр» ААКнын мамлекеттик акциясын арзан баада сатуу чечимин кабыл алуу үчүн «Ампир групп» ЖЧКнын башкы директору жана КР Мамлекеттик мүлк фондунун министри Т. Турдумамбетовдор менен кылмыштуу келишим түзүшкөн. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетинин коллегиясынын 2008-жылдын 22-августундагы токтомуна ылайык, «Түндүкэлектр» ААКнын мамлекеттик акциясынын баасы 135 700 000 АКШ доллары деп бааланган. 



Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter