11 апреля 2013, 14:14

Калича Умуралиева: "Бабанов "Кыргызстан" банкын сатып алып, андагы активдерди сатып жиберген"

Калича Умуралиева: "Бабанов "Кыргызстан" банкын сатып алып, андагы активдерди сатып жиберген""Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан" банкын сатып алып, анын активдерин сатып жиберген". Мындай маалыматты бүгүн, 11-апрелде коомдук ишмер Калича Умуралиева жана аталган банктын башка акционерлери маалымат жыйында билдиришти. "Банк үчүн күрөшүү керекпи деген суроо турат. Биз 20 жылдын ичинде сатып алган имарат менен жабдуулар сатылып кеткенин көрдүк",- деди Умуралиева. Анын айтымында, Өмүрбек Бабановдун акцияларды сатуу боюнча келишими 2008-жылы түзүлгөн, бирок ал кезде бакиевчилер менен күрөшүүгө мүмкүн болгон эмес. Учурда бул фактыга мамлекеттин көңүлүн бурууга банктын акционерлери аракет кылып жатат.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Нуржамал Мурзакулова
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter