jump to http://bearbeer.kg/

Мелис Турганбаев: "Сооронбай Жээнбеков туура айтты, коррупцияны баарыбыз көрүп турабыз"

meerim
8 комментариев
  • Апрелчи
    “Апрель Байрагы” коомдук бирикмесинин жана “Бириккен элдик кошуундардын” Кыргыз элине кайрылуусу: “Жалпы коомчулукту коррупция менен чогуу күрөшүүгө, мамлекет башчыбызга жардам берүүгө чакырабыз”

    Кымбаттуу кыргызстандыктар, ардактуу мекендештер!

    2010-жылдагы Апрель элдик революциясынан кийин күч түзүмдөрү иштей албай турган учурда Элдик кошуундар ДНД түзүлүп, Кыргызстанда тынчтыкты орнотууга өз салымдарын кошушканы жалпыңыздарга маалым! 2010-жылы Кыргызстандагы баардык 20дан ашык элдик кошуундары биригип, алгачкы жолу курултай өткөрүп, «Бириккен Элдик кошуундарды» Союз Народных Дружин түзүп бир муштумга бириккенбиз! Биз муну менен ар кандай талап-тоноону, жер басып алууларды, улут аралык жаңжалдарды басууга, тартип орнотууга өз салымдарыбызды кошконбуз
    Биз ар дайым Апрель элдик революциясынын максаты, баалуулуктары ишке ашуусуна акыр аягына чейин туруп, сүйүктүү мекенибиздин гүлдөп- өсүшүнө өз салымыбызды кошуу үчүн «Тынчтык, тартип жана мыйзамдуулук үчүн» деген ураанды туу тутуп келебиз!
    Биз өлкө башчыбыз Сооронбай Шариповичтин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүн, демилгесин толук колдойбуз!
    Президентибиз сүйлөгөн сөзүндө жалпы Кыргыз элинин көйгөйүн айтты! Өлкөбүздөгү акыркы күндөрү мыйзамды сактайт деген кээ бир соттордун жардамы менен кылмыш дүйнөсү баш көтөрүп, айрым сатылган соттордун чечими менен эркиндикке чыгып жатышы бизди да намыстантты Элине ак кызматын кылайын деген максат менен баштарын канжыгага байлаган жөнөкөй кызматкерлердин эмгеги менен коррупцияга каршы, оор кылмыштарга каршы канчалаган оперативдүү иштер, канчалаган мээнеттер менен козголгон иштер сотто сынып, кыйрап жатышы – бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан жасалып жаткан мээнет, эмгектердин жемишине көлөкө түшүрүп, көө жаап жатышы – чындык!
    Эсиңерге салып кетсек, Апрель элдик революциясынын келип чыгышына мыйзам иштебей, карапайым жарандардын укуктары корголбой кордолуп, тепселип, коррупциянын гүлдөшү себеп болгон Сот системасындагы, күч түзүмдөрүндөгү коррупция негизги себептеринин бири болгон!
    Биз эгемендүүлүк алгандан берки тарыхыбызда биринчилерден болуп коррупцияга каршы айоосуз күрөш баштай алган экс-президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин ишин президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков мындан ары да күчөтүп, аягына чыгарат деп терең ишенебиз!
    17 коомдон бириккен элдик кошуундар Ордо кеңешинин чечими менен президентибиз Сооронбай Шариповичтин “соттордун мыйзамсыз иштерине кайдыгер карап отура албайм, коррупция менен өзүм башында туруп күрөшөм, менде саясый эрк бар Мени эл шайлаган, элге берген убадаларымды аткарам” деген билдирүүсүн бир ооздон колдоого алып, биз да четте турбай колдоп, жардам берээрибизди билдирип кеткибиз келет! Ал эми жалпы коомчулукту коррупция менен чогуу күрөшүүгө, мамлекет башчыбызга жардам берүүгө чакырабыз
  • Адилет
    Туугандар согунгонду токтотолу Уят болот
  • Маски - Шоу
    Уважаемые , борьбу с коррупцией мы введем уже 26 лет , и все кто сейчас кричат об этом , они сами выросли и стали "людьми" при махровом рассвете коррупции , поэтому я лучше воздержусь от хвалебных песен , цыплят по осени считают
  • Салия
    Коррупция менен ар бирообуз курошолу по жалгыз президенттин милдети эмес Жана ал ар бирибизге керек
  • Алмаз
    Туура айтты
  • Алмаз
    Мелис байке же туура айтты
  • Эмил
    Турганбаев профессионал катары оюн ортого салыптыр Анын пикирине кошулам
  • Урмат
    Коррупцияны жоюш керек Президент озу башында турам деди Биз да колдойбуз

KABARLAR.ORG 2017

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter