Айрым булактарда Турсунтай Салимовдун кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу аныкталбаган маалыматтар пайда болду. Буга жооп катары, Турсунтай Салимовдун жактоочусу, Нурлан Ибраимов мындай маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын жана Турсунтай Салимов Камчы Асанбектин (Көлбаев) кудасы эмес экендиги же кандайдыр бир туугандык байланышы жок экендигин билдирди. Ошондой эле, Т.Салимовдун К. Асанбек менен ишке байланыштуу жана башка жагдайлар боюнча эч кандай мамилеси болгон эмес.
Турсунтай Салимов эч качан кылмыштуу топторду каржылаган эмес жана алардын ишмердүүлүгүнө катышпаган, тескерисинче ал ар дайым, республикада ири ишканаларды ачып, көптөгөн жумушчу орундарды түзүү менен өлкөнүн экономикасына зор салым кошкон абийирдүү ишкер катары белгилүү экенин анын адвокаты билдирди.
Турсунтай Салимовдун уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуусу боюнча шектүүлүгү тууралуу чыккан маалыматтарга карата, анын жактоочусу, адамдын күнөөсү, сот өкүмү өз күчүнө киргенден кийин гана аныкталаарын жана соттун чечими жок адамды эч ким күнөөлү деп айта албашын билдирет. Салимовдун адвокаты бул темага байланыштуу мезгилинен эрте талкуулардан карманып турууну суранат.