Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматынан бошотулду.
Улан Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды.
Бул тууралу Улуттук телерадиоберүү корпорациясы билдирди.



