Бишкек шаарында ЖКККББ кызматкерлери мас абалындагы жана айдоочулук күбөлүгү жок айдоочуну аныкташты
Бишкек шаарында ЖКККББнын кызматкерлери Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын айдоочусунун кыймылы шектүү көрүнүп, жолдо өзүн ишенимсиз алып бара жаткандыгы байкалган.
Текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичкен абалда экени аныкталды. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында анын мас абалда экендиги тастыкталды. Ошондой эле бул жаран өмүрүндө эч качан айдоочулук күбөлүк албаганы жана транспорт каражатын башкарууга мыйзамдуу укугу жок экендиги белгилүү болду.
Аталган айдоочуга карата тиешелүү материалдар толтурулуп, укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Унаа атайын айып короо жайына токтотулду.
Айдоочу өзү ЖКККББ кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, өз убагында токтотулганына кубанычта экенин айтты. Анткени анын аракеттери башка жол кыймылынын катышуучулары үчүн чоң коркунуч жаратышы мүмкүн эле.
ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырат.
ЖКККББнын Басма сөз кызматы



