19 февраля 2015, 15:22

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Эркинбекке тез аранын ичинде жардам керек

 

 

Анархан эженин кичүү уулу Эркинбек күтүүсүз жерден оор илдеттин туткунуна кабылып жашоонун чоң сыноосунда турат. Уулун дарттан арылтып, кандан жол менен болсо да аман алып калуунун айласын кылган эне, Эркинбектин тагдырына кайдыгер карабаган кайрымдуу инсандардан жардам сурап кайрылат.

«Эркинбек 2014-жылдын 1-сентя­­брында “Тишим ооруду”, - деп жатып калды. Эртеси эле доктурга алып барып тишин жулдуруп, адатымча жумушка кеткем. Кечинде иштен келсем жарым дагара кан турат. Чочуп акыбалын сурасам «тишимден чыгып жатат», - деп койду. Мынчалык болбошу керек эле го деп түпөйүлдөнүп калдым. Ошол түнү баламдын дене табы көтөрүлүп таң атканча кыйналып чыкты. Эртеси бейтапканага алып барсам кулак-мурун көрүүчү доктурга алып баруубузду сунушташты. Лор карап: “Тишинде дүмүрчөгү калып калган окшойт”, - деп тиш доктурга жиберип жаткан. Аңгычакты эле баламдын эки мурдунан бирдей кан кетти. Ал токтобой, эси ооп жыгылып калды. Ал жерден дароо Жалдагы балдар ооруканасына жөнөтүштү. Алеки саатта балам жандандыруу бөлүмүнө жатып калды»,- дейт Анархан эже.

Эркинбекти илдеттен арылтуу үчүн Түркияда алып барып, операция жасатуу керек. Ал үчүн ири суммадагы акча каржаты керектелет. Эркинбектин сакайып кетишине көмөк көрсөтүп, жардам берүүнү каалагандар 0555 18 48 51  0709 17 03 51 номурлары аркылуу Анархан эжеге чалып байланышсаңыздар болот.

Ыйманы бекем, берешен карапайым калк кайдыгер карабай жаш жигитибиздин өмүрүнө өмүр кошот деген тилектебиз.

 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Aigulya
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter