9 апреля 2015, 13:00

2,5 жаштагы Элмурзага жардам керек. Ымыркайга жарык дүйнөнү көргөнгө биргеликте салымыбызды кошолу

2,5 жаштагы Элмурзага тез аранын ичинде көзүнө операция жасатуу үчүн жардам керек. Атасы "кара тизмеге" кирип, азыр Кыргызстанда. Апасы Эльвира Кыргызстандан Москвага баланы алып келгенге 1 ай болду. Эльвиранын тал-чыбыктай болгон кичинекей сиңдиси тынымсыз "без выходной" иштеп, эжеси жана өзүнүн квартплатасын төлөп, тамак-ашка эптеп жеткизип аракет кылып жаткан кези.
Баланы көрсөң бооруң ооруйт. Бирок бир канча диагноздорго карабастан, бала чыйрак жана "Мен ЖАШАГЫМ келет! " деп умтулуп жаткандай сезилет.

 

Апасы эптеп бир көзүнө эле операция жасап алсак, жок дегенде 1 көзү көрүп калса деп тилейт экен. А бирок 1 гана көзү эмес, 2 көзү көргөнгө мүмкүнчүлүк бар деп Тушинская метродогу Башляева атындагы Балдар Клиникасынын окулисттери кепилдик бериптир.
2,5 жаштагы кичинекей боордошубузга бул жарык дүйнөнү көргөнгө салымыбызды кошолук.

Эгерде Элмурзага жардам берүүнүн каалагандар болсо, анда төмөндө жазылган номерлер аркылуу акча которуп, колуңуздардан келген жардамыңыздарды берсеңиздер болот.

Баардыгы болуп, кичинекей баланын операциясына  200 000 рубль керек, учурда анын 71 190 рубль чогулду. Дагы 128 810 рубль керек. 

Сбербанк карточканын номери: 4276380051913593
Киви-кошелек: 8 903 126 61 89
Редакциянын дареги: м.Марьина Роща ул.2-Ямская д.9 4-этаж 410- кабинет
Иш күндөрү саат: 12:00- 17:00 чейин 
Тел.: 8 903 126 61 89

Ыйманы бекем, берешен карапайым калк кайдыгер карабай Элмурзанын өмүрүнө өмүр кошот деген тилектебиз.

 


Nursuluu
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter