24 августа 2015, 08:48

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган 27 жаштагы Элизага тез аранын ичинде жардам керек

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган  27 жаштагы Элиза Сулайманова тез аранын ичинде сол бөйрөгүн алмаштырыш керек.

Апасы Айгүл Сулайманованын айтуусуна караганда, кызы Элиза төрөлгөндөн баштап эле бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. " Азыр эки күндүн биринде ооруканага барып, гемодиализдин жардамы менен канын тазалатып турат. Жаш кезинде оорусу анча байкалчуу эмес, жолдошум (Элизанын атасы) каза болгондо кызым катуу кайгырып, оорусу күчөй баштады. Акыркы эки жылдан бери катуу ооруп жатат",-дейт апасы.

Элизанын 3 жашка чыккан баласы бар.

Түркияга барып, кымбат баалуу операцияны жасатуу үчүн 15 миң АКШ доллары керек.

Учурда 7 миң доллар табылды, аны да Таластагы жалгыз үйүбүздү сатып чогулттук дейт,-Айгүл Сулайманова.

Элизанын сакайып кетишине аз да болсо көмөк көрсөтүп, жардам берүүнү каалагандар төмөнкү телефондорго чалып, байланышсаңыздар болот.

0703 99-33-10 Айгүл Сулайманова - апасы,

0700 77-12-44 Ырыстай Эркинов - иниси,

0703 40-79-71 Элиза Сулайманова.

Банк: Таласский филиал ЗАО "КИКБ" КР БИК 128013 Р/с: 1280136020932413-Сулайманова Элиза Чуваковна.

Ыйманы бекем, берешен карапайым калк кайдыгер карабай жаш кызыбыздын өмүрүнө өмүр кошот деген тилектебиз.

Nursuluu
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter