
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Суйунбек Омурзаков туризм тармагын өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, Кыргызстанга 2024-жылы 8 млн. 600 миң чет элдик жаран келген. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, бул тармактан түшкөн киреше 800 млн. доллардан ашкан.
Депутаттын пикиринде, бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын туризм жаатында чоң потенциалы бар экенин көрсөтүп турат. Бирок, тийиштүү көзөмөлдүн жана тартиптин жоктугунан, туристтер агымы жаратылышка терс таасир тийгизүүдө: айлана-чөйрө таштандыга толуп, жайлоолордо транспорттун көбөйүшү менен жер кыртышы бузулуп, айрым аймактарда баш аламан курулуштар да пайда болгон.
С. Омурзаков туризмди өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын иштеп чыгуу, инфраструктураны жакшыртуу жана экологиялык талаптарды эске алуу зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, өлкөнүн тоо системалары, көлдөрү жана башка табигый байлыктары келечек муундар үчүн сакталууга тийиш.
“Туризмден пайда табабыз десек, жаратылышка кылган мамилебиз да ошол деңгээлде болушу керек,” — деп белгиледи депутат.




