23 сентября 2020, 18:02

Ахматбек Келдибековдун эч ким билбеген сыры




Өз жүздөрүн күзгүдөн көрө албагандарга же кыянаттык менен кыйындарга бут тоскондорго...

Шайлоонун шайтан оюндары буркан-шаркан түшүп, мара улам жакындаган сайын “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп оппоненттер күчтүү атаандаштарын ыгы келсе да, келбесе да жөөлөп кетүү өз опогейине жетти. Өздөрүнүн эмес, бирөөлөрдүн колдору менен «чок» карматкан ыкманы коомчулукка таңуулагандары да ого бетер күч алды. Анан да эң кир эреже болгон “жердешчилик”, “уруучулдук” деген “чылыктар” учурда кыргыз табиятынын жонуна минди. «Ну и что, кыргызда “жердешчилик”, “уруучулдук” деген бул табигый нерсе. Андай адат биз эле эмес, демократиясы ашынып-ташынган Батышта деле бар. Бир эле Англияда азыр эмне болуп жатат?» деп мындайда этектен тартып койчу улукмандарыбыздын урматтуу сөздөрү да угулбайт. Тескерисинче, ошол эле айрым аттуу-баштуу эпчилдерибиз жалпы эл алдында уят-сыйыттуу көрүнүшүп, бирок көшөгөнүн артында “уруучулдук”, “жердешчилик” деген оюндары менен ойда иш кылышууда. Бул көрүнүштүн бир мисалы, жакында Алайда Жанар Акаев ошол жакка эл менен жолугушууга барганда даана байкалды. Бул эми ошол жагдайда байкалган бир эле мисал.

Улуу ойчул Конфуцийдин ташка тамга баскандай бир жакшы айтканы бар, «называть вещи своими именами» деген. Анын сыңарындай сөздү чойгулабай, ойдун ток этер жерине токтолоюн. Азыр аламанга аттанып бараткан 16 партиянын ар биринде чындап эле өз партиясынын оор жүгүн көтөрүп бараткан мыкты азаматтар бар. Так ошондой азаматтарды, көк жал, харизматик, парламентаризм менен мамлекеттик ишмердүүлүктү мыкты өздөштүргөн абройлуу талапкерлерди оппоненттери кандай жол менен болсо да эл көзүнө мокочо кылып көрсөтүп, коомчулук алдында ошондой атаандаштарын каралоо оргуштап атат. Далайлаган оппоненттеринин түн уйкусун бузуп жаткан ошондой мыктылардын бири, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кетип бараткан талапкер Ахматбек Келдибеков болууда. Шайлоо жүрүшүнө тунук акыл-эс менен байкоо салып тургандарга атаандаштары тарабынан ага карата асылуу ачык эле байкалууда. Өткөн бийликтин тушунда да “керкейип койдуң” деп анын үйжайын мындай кой, аялынын байпагынан бери эсептеп, ЖМКлар аркылуу далай жолу шыбаткан аны. Келдибековго кезинде “коррупциянын символу” деген жарлыкты да чаптап көрүштү. Жакшынакай бараткан карьерасына “балта чабышты”. Эгерде А.Келдибеков Акаевдик “улуу приватташтыруу” мезгилинде айрымдар сыяктуу эсепсиз соода, тейлөө жайларды, завод-фабрикаларды, комбинаттарды “ит бекерге” менчиктештирип алганда аны такыр эле “цементтеп” салмак окшойт. Мындайда абийир, адамдык даража деген баалуулуктардын бийик пафосунда калыстыкты айта турган болсок, Ахматбек Келдибеков чынында эле кыргыз саясатында өз орду, өз салмагы бар чоң калибирдеги мамлекеттик ишмерлердин бири экени анык. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн анын кызмат тепкичтериндеги тарыхына, (баарын тизмелесек өтө узак) айрым учурларына гана саресеп салып көрөлүчү. Биринчиден, Ахматбек Келдибеков 2010-жылдагы революциядан кийин пайда болгон жаңы башкаруу системасынын башында делген Кыргыз мамлекетинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Символикалык жактан алганда бул Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы чоң тамгалар менен жазылчу окуя! Мааниси да терең. 

Ал эми ага чейин 2001-жылы Соцфонддо 2 жыл, 2005-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештеги депутат, жөн эле “балык депутат” эмес, ошондогу күчтүү депутаттардын бирден-бири болгону да анык. 2008-жылдан 2010-жылдын апрелине чейин салык кызматын да жетектеп жүрдү. Жайдак сөз эмес, статистикалык маалыматтарды иликтеп көрсөк Келдибеков Соцфонддо төрага болуп турган кезде (азыр ошол кызматта тургандагысын да оппоненттери башкача жомок кылып, апыртмаларын жаадырып жатышпайбы) парламентке келип, депутаттардын жүздөрүн тике карап, маселени кабыргасынан коюп, анын көтөргөн аргументтүү сунуштарынын натыйжасында ошол учурдагы инфляцияны эске алуу менен пенсия-пособиелер жогорулатылган. Бул факт! (Азыркыдай нанга жетсе дарыга жана башка күнүмдүк турмушка жетпеген өп-чап пенсия-пособиелерден өтө эле айырмаланып). Айткылачы, болбосо азыркы тапта пенсия-жөлөк пулдарга карата экономиканын табигый мыйзамдарына жараша инфляция эске алынып жатабы? Жок! Дагы эле статистикага таянсак, Келдибеков салык кызматын жетектеп турганда мамлекеттин бюджети азыркыдай (пандемияны шылтоолобогондо деле) 20-30 миллиард сомду чапчыган тартыштыкка такалган эмес.

Ал эми кесипкөйлүгү жөнүндө сөз кыла турган болсок Ахматбек Келдибековдун деңгээли азыркы аткаруу бийлигинде мамлекеттин экономикасы менен финансы жана башка жооптуу тармактарды башкарып отурган, кээ бир амбициясы аттын башындай болгон, өздөрүн аз эле жерден “Элдердин байлыгы” деген олчойгон эмгектин автору болгон А.Смиттен, “Капиталды” жазган К.Маркстан, “Макроэкономика” теориясын негиздеген Д.Кейнстен кийинки экономисттей эле сезишкен “экономист-финансисттерге” караганда жана да азыркы парламенттин курамындагы «экономиканы чагабыз» дегендерге салыштырмалуу түндүк бою өйдөлүк кылат. Тигилер окуп алып чычалашар, бирок бул да факт! Азыр жер-жерлерде эл менен жолугушканда курулай популизим менен бакылдап жатышкан ошол “кыйратмандарыбыз” карасаң баары эле “высокий материяны” сүйлөшкөндөрү менен, баштары кургак, өз чечимдери, өз идеялары жок, дайыма аларды артында кимдир бирөө сайгылап, жол көрсөтүп, камчылап турганын эл деле сезип жатса керек. Келдибековдун экономика, финансы жаатындагы айткан сөздөрүн угуп, ММКларга берген маектерин окуп жүргөн, калыстыгы канында ойногон адам анын реалдуу турмушка, шарттын, кырдаалдын жана зарылдыктын талабына жараша ой айтып жатканын баамдабай коё албас. Ошол реалдуу турмушта экономиканын мыйзамдары дал ушундай табигый жагдайларга байланыштуу. Ахматбек Келдибековдун айырмаланган артыкчылыгы мына ушуну сезип, туя билгенинде. Келдибековдун кесипкөйлүгү, артыкчылыгы ушунда!

Эң негизгиси, шибегени капка катуу мүмкүн болбогондой, ачуу чындык бул: элибиз, буюрса, жакынкы күндөрү тынч, аман-эсен парламенттик шайлоону өткөрүп алган соң Жогорку Кеңешке келген жаңы эл өкүлдөрү бардык тармактарга чыныгы иш билги, кесипкөй кадрларды алып келишсе өлкөбүздө стабилдүүлүк бекемделип, эл турмушу дагы оңолуп, анан “жаз-күздө дагы эмне болуп кетет?” деген санаркоолордон ажо баш болуп баарыбыз арылар белек?..
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020