23 сентября 2020, 23:19

Жылдызкан Жолдошева: " Контрабанданы өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк". Айымдар теледебаты.

 
Суроо: "Өлкөнүн бюджеттик саясаты кандай болуш керек, бюджеттик каражаттарды биз кантип туура башкара алабыз? Жалпы эле бул боюнча кандай сунуштарды бересиздер жана сиздердин конкреттүү кадамыңыздар кандай?"

Жылдызкан Жолдошева: " Бизде гектар-гектар жерлер иштетилбей калган. Таза суу жана сугат суулары боюнча дагы маселе чечиле элек. Мамлекеттик деңгээлдеги бюджеттик маселени чечүү үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, эл бийликтен контрабанда иштерин токтотууну талап кылышы керек. Контрабанданы өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк. Тилекке каршы, бул маселе менен эч ким күрөшпөй жатат".

Гүлбарчын Медетбекова: "Июнь айында пенсия, пособиялардын бербей калынышы мүмкүн экендиги айтылды. Ошондуктан азыркы учурда биздин бюджеттин так суммасын ким айтып берет. Андан тышкары биздин бюджетти көбөйтүү үчүн салык саясатын толук карап чыгыш керек. Көмүскө экономиканы көзөмөлгө алуу керек, бирок бизде көзөмөл жок".


Эльвира Сурабалдиева: " Президенттик администрацияга кеткен чыгым бир жарым миллиарддан эки эсе көп экенин эч ким билбейт. Эмне үчүн биздин мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу боюнча бөлүктү кыскартып, экстрималдык органдар менен пандемия учурунда жетиштүү көңүл бурулбаган дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акыларын жогорулатууга барышыбыз керек".
Зарина Чекирбаева: "Эми муну комплекстүү чечүү керек. Мисалы, жылына бажы тарабынан 5 жүз миллион сом жок болуп кетип жатат. Ошондой эле коррупция бүт жерде бар. Аны пандемия учурунда баарыбыз көрдүк. Аны чечүүгө саясий эрк керек, тазалаш керек".


Гүлнара Дегенбаевадан: "Бюджетти үнөмдөө үчүн бардык мамлекеттик балдар үйлөрү жабылган. Азыр балдар пандемия учурунда көчөдө жүрүшөт, аны эч ким билбейт. Айыл-чарба биздин эң чоң кирешебиз.   Бюждеттеги акчага контроль жок болгондуктан биз азыр ушундай абалдабыз. Мен өзүм аймактан келгендиктен бул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү жакшы билем".

1 комментарий
  1. Аноним#280
    Балдар уйундо кочодо калган балдар бизди кечиргиле
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020