24 сентября 2020, 12:47

Бактыгүл Молдогазиева: Биздин партия – мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган, кризистен чыгара турган партия




Бактыгүл Молдогазиева жогорку билимдүү. Кыргыз-Орус Славян университетинде юридикалык билим алган. Сан-Диего Мамлекеттик университетинин магистратурасынан бизнес мектебин бүтүргөн. Кесиби менен Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген. Аны менен катар жеке ишкерлик менен да алектенген.

  Бактыгүл айым, өзүӊүз каалаган кесиптин ээси боло алдыӊызбы?

 – Ооба. Ал эми ата-энемдин каалоосу башка болчу, алар эсеп-кысапчы болсо дешчү. Ата-энемдин бухгалтердик билим ал дегенине көнбөй, юрист кесибине ээ болдум. Мен табиятымдан эле ыйлаган кишинин көз жашын аарчыганды, алсыздарга жардам берүүнү, укугу тепселип, айласын таппай тургандарга кол сунууну жакшы көрөм. Ошон үчүн ушундай кесипке ээ болдум. Эмне үчүн талантуу жаштар чет өлкөгө кетип жатышат деген суроо мени түйшөлтчү. Мекениме кайткан соң ишимди эл аралык уюмдарда аялдардын укугун коргоо долбоорунан баштадым. Айтор, алган билимимди болушунча пайдаланууга, тажрыйба топтоого аракет кылдым.

– “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандоого эмне түрткү болду?

– Бул партиянын жаңы көз карашта жазылган, жаңы идеяларга бай, башка партиялардын программасынан дээрлик өзгөчөлөнгөн программасы менин тандоомо себеп болду. Программаны окугандан кийин партияга болгон кызыгуум артып, шайлоого барайын деген чечим кабыл алдым. 

 Сиздердин партия мамлекетибизди кризистен чыгара алабы?

– Биздин партиянын программасында гана мамлекетибизди кризистен чыгарып, өнүктүрө турган жолдор ачык жазылган. Тагыраагы, программада маселени жолго салыш керек делсе, кайра ошол жерде ал маселени чечүүнүн реалдуу сунуштары берилген. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам “Мекеним Кыргызстан” мекенин, элин сүйгөн, мамлекетти өнүктүрүүнү каалаган патриоттордун партиясы экен деген чечимге келип, өзүмдү сынап көрөйүн, элдин элегинен өтсөм депутат болоюн деген максатта шайлоого аттандым. 
Депутат – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагындагы элдин өкүлү. Депутаттын мыйзам ченемдүү укуктары, милдеттери Конституцияда так жазылган. Эгер депутат болуп калсам билимимди, тажрыйбамды, бардык күч-аракетимди мекенибиздин, элибиздин өнүгүшүнө багыттайм. Ошондой эле балдарга татыктуу билим берүү, патриоттук духтарын көтөрүп тарбиялоо маселесин колго алам. Балдардын, аялдардын укугун коргойм. Анткени балдарды тарбиялоодо эненин орду өтө жогору. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоо мамлекетибиздин келечегине кам көрүү деп эсептейм. Мындан ары пандемиядагыдай кечирилгис кемчиликтер кетпесе деп тилейм. Элибизди Жараткан бөөдө кырсыктан, апааттан сактасын. Элибизде тынчтык болсун, жалпы шайлоочуларга бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм. 

Шайлоо күнү ар бир шайлоочу өзүнүн жүрөгүн тыңшап, жаңылбай добуш берсин. Биздин партия – “Мекеним Кыргызстан”. Бизге добуш бериңиз! Биз мекенди коргоп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга, мамлекетибизди социалдык-экономикалык жактан өстүрүүгө, элибизге жаркын жашоо тартуулоого аракет кылабыз. Анткени биз мекендин кадырын билебиз. Карапайым элдин турмушун жакшыртабыз.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келген №4 тизмеде! 

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020