26 сентября 2020, 11:58

Талант Сарыбагышев: Чолпон-Ата шаарында төрөлүп, 5 жашыман баштап атасы жок өстүм

 


“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарыбагышев өзүнүн өмүр жолундагы баянынын социалдык тармакка жазып чыкты. 
 
Мен, 1976-жылы 24-октябрда Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм. 5 жашыман баштап атасы жок өстүм. Апам мени адептүү жана чынчыл кылып тарбиялоого бардык күчүн жумшады. 7 жашыман музыкалык мектепке бара баштадым, үйлөмө аспапта ойночумун. 12 жашыман дзюдо менен машыгып баштап, музыка менин стихиям эмес экенине көзүм жетти. 




17 жаш куракка келгенде алдыда кесип тандоо зарылчылыгы турган болчу, Феликс Кулов Бишкек шаарында милициянын жогорку мектебин ачыптыр, азыр кабыл алуу болуп жатат деп академик Азат Коңурбаев апама айтыптыр. 

Мен дароо эле андагы Чолпон-Атанын ШИИБсинин башчысы Өмүрбек Суваналиевдин жолдомосу менен документтеримди тапшырып, экзамендерге даярданып баштадым. Ал кезде менин боюм 165 см. гана болчу, башкача айтканда талапка ылайык келбей, бирок, дзюдо боюнча спорт чеберине талапкер деген китепчем жардамга келип, окуу жайга өтүп кеттим. Жогорку мектепте жакшы жетишкендиктер менен окудум, милиция болуу чындап менин кесибим экенине ынандым. 

1997-жылы окууну аяктап, өз Чолпон-Атама мындан аркы кызмат өтөө үчүн келдим. Иштегениме 3 ай болуп калганда эс алуучу жайлардын биринде уурулук болуп, анын бетин ачтым. Бул окуядан бир күн өткөн соң мени ошол пансионатка чакыртып жиберишиптир, барсам анда айтылуу Чыныбек Алиев бар экен. Буюмун, акчасын алдырып жибергендер Чыныбек Алиевдин тааныштары экен. Мен ал кезде анын ким экенин деле билчү эмесмин. Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары экенин кийин билдим. Ошентип ал кишинин сунушу менен Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө кызматынын оперкызматкери болуп дайындалдым. Мага да ыңгайлуу болуп калды, себеби, мен ал кезде үй-бүлө күтүп, кыздуу болуп калгам, алар Бишкекте калышкан болчу. Чыныбек Алиев адам катары, жетекчи катары жогору адамгерчилик сапаттарга ээ болчу.

Шаардык УГРО кызматынын легендасы Тилек Алибаевдин жетекчилигинин алдында иштеп, бул кызмат менин кесиптик тагдырыма айланды. Буюртма менен киши өлтүрүү, талап-тоноо, опузалоо, уурулук, унааны айдап качуу сыяктуу кылмыштар боюнча ИИМдин ыкчам иликтөө кызматтарында ар кандай кызматтык милдетти аркаладым. 

 



 
КРнын ИИМнин ГУБОП кызматында иштеп жүргөн жылдары эң чоң тажрыйбага ээ болдум. Ал кездин мыкты жетекчилери Мелис Турганбаев, Бакыт Парманкулов, Михаил Сиренко, Алымжан Козубаев сыяктуу кесипкөй адамдар менен иштештим. Полковник наамын алып, пенсияга чыктым. 
 
2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна Чолпон-Ата шаарында “Табылга” саясий партиясы менен катышып, бийликчил партиялардан озуп биринчини (21 мандаттын 8 мандатына ээ болушкан) багындырдык, көп өтпөй, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шаардык кеңешке төрага болуп шайландым, эки жылдан кийин Чолпон-Атанын шаар башчысы кызматына келип, ушул күндөргө чейин иштедим. 
 
Туз насип буюрган экен, минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен катышып жатам. Менин кесиптик, турмуштук өмүр жолумда кезиккен ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем, алардан алган ар бир сабакка таазим кылам!
 
Сиздерди терең урматтоом менен “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Сарыбагышев
 
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020