26 сентября 2020, 15:13

Артур Медетбеков: Укук коргоо органдары шайлоодон четтетилген эки талапкердин жоопкерчилигин карашы керек




Укук коргоо органдары шайлоодон четтетилген эки талапкердин жоопкерчилигин карашы керек. Мындай оюн генерал Артур Медетбеков билдирди.

"БШКнын чечими  туура болгон үчүн коомчулукта аларды кубаттагандар көп болуп жатат. Эми укук коргоо органдары шайлоодон четтетилген эки талапкерди  териштирүү ишине да аралаштырып, жоопкерчилигин карашы керек. Себеби катуу жаңжал чыгып, 15тен ашык адам жаракат алды. Бул жаңжалдын бүткүл Кыргызстанга терс таасири тийди. Айтайын дегеним, Аравандагы окуядан кийин Нарында дагы жаңжал чыкты.

Шайлоого 3-4 күн калганда шайлоочуларды талашып, талапкерлердин ортосунда атаандаштык күч алат. Бири-бирине кысым көрсөтүп,  компроматтар жайнай баштайт. БШК жаңжал чыгарсаң же массалык тополоң уюштурсаң,  ушундай болот деген сабак болчу чечим чыгарды. Эми бардык партиялар сабак алып, жаңжал чыгаруудан  алыс болушу керек. Добуш алуудабы же добуш талашууда кордук көрсөтүп,  криминалдарды байланыштыргандардын баарын жоопкерчиликке  тартыш керек. Бул сапар бийлик күн мурунтан айтып, күрөш жарыялабастан, оперативдүү чечим чыгарып, маселени учурунда чечкени туура болду", -деди Медетбеков.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020