27 сентября 2020, 16:42

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Улан Сырдыбаевге таластыктар батасын берди




Улан Сырдыбаев агабыз кичи мекени Талас облусунун Кең-Арал айылына болгон сапарында кары жаш дебей кубануу менен тосуп алып " Эл камын ойлогон Манас бабабыздай баатыр бол!"- деп астына Тайбуурул сындуу, жеңиштин символу болгон ак боз ат тартышты.
 
Кыргыз элинде байыртадан эле ат тартуу кылуу ырымы болгон. Айрыкча жакшы көргөн, сыйлаган адамына алгыр куш, күлүк ат тартуулаган. Бул “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Улан Сырдыбаевдин калк ичинде чоң сый-урматка ээ экендигин далилдейт.
 
Таластын кулуну, Манас атанын урпактары Улан Сырдыбаевге саясий күрөштө ийгилик каалап, “Ак бата кабыл болуп, ак жолуң ачылсын. Саясатка алган багытың байсалдуу болсун. Элдин таламын талашкан элдик депутат бол. Арышың кең болсун, элге жасаган жакшылыгыңыз түмөн болсун”, деп жергиликтүү калк батасын беришти.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020