30 сентября 2020, 14:37

Мирлан Бакиров: Агрардык тармакка жаңыча мамиле – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсү



“Кооперативдерди түзүп, ирилешкен үрөн чарбага өтсөк, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтөбүз”
– Кыргызстандын 65 пайыздан ашык калкы айыл жергесинде жашайт. Убагында Кыргызстан агрардык-индустриялык өлкө болуп, ички дүң продукциянын 32 пайызын айыл чарба продукциялары түзүп келген. Бүгүн биз жерди жеке менчикке берип, жер реформасы деп отуруп, ички дүң продукцияны бир топ төмөндөтүп алдык. Ошондуктан айыл чарбасын иштетүүнү жаңылап, баштагы калыбына келтиришибиз керек. 
Туура, жерлер үлүшкө берилди. Эми элге берилип кеткен жерлерди кооперативдерди түзүп, ирилешкен үрөн чарба, кластердик мамиле дегенге өтсөк, ошондо гана бул тармактагы маселени жолго коюп, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтө алабыз.

“Түштүккө эт, түндүккө сүт багытындагы породалуу уйларды көбөйтүшүбүз керек”

– Кыргызстанда 9 миллион гектардан ашык жайытыбыз бар. 60 пайызы деградация болду. Эл аралык уюмдар жайыттарды жакшыртуу, өркүндөтүү боюнча ондогон долбоорлорду колдошту, мыйзам кабыл алууга тийиштүү каражаттар берилди. Бирок биз ушул каражатты актай алдыкпы деген маселе бар. Анткени жайытты жакшыртышыбыз үчүн малды сандан сапатка өткөрүшүбүз керек. Мисалы, ири мүйүздүү беш мал тебелеп-тепсеп оттогон жерге бир эле породадагы мал баксак, жайыт да сакталат, мал ээсинин кирешеси да көп болот. Эт, сүт өткөрүү дагы жолго коюлат. Ошон үчүн мыкты породадагы малды көбөйтүүнү жайылтышыбыз керек. Эт багытында жана сүт багытындагы уйларды баксак, кирешеси арбын болот. Маселен, 40-50 литр сүт берген уйларды түндүккө жайылтышыбыз керек. Анткени түндүктө кайра иштетүү ишканалары жолго коюлуп калган. Эт багытындагы ийри мүйүздүү малды түштүккө жайылтсак, этти коңшу мамлекеттерибиз Тажикстан менен Өзбекстанга экспорттоп, көбүрөөк каражат тапсак болот. 
“Жаңгак токоюна жаңы көчөттөрдү отургузбасак, 20 жылда токой жок калат”
Биздин чоң байлыктарыбыздын бири – токойлор. Кыргызстанда Токой агентствосу бар болгону менен, тилекке каршы, Союз убагындагыдай иштебейт. Токойду сактап калуу үчүн Союз кезиндегидей мамиле жасалбайт. Мен кызыл-үңкүрлүкмүн. Арсланбаптагы токойдун арасында чоңойгом. Союз мезгилинде ар бир токойчу токойду арендага алып иштеткендерди көзөмөлгө алып турчу. Жыл сайын күзүндө питомник кылып, көчөттөрдү өстүрүп, жазында арендаторго берчү. Ал жаш көчөттү отургузуп, токтойду жашартып турчу. Азыр анын бири жок. Эгер жаңгак токоюн жашартып, жаңы көчөт отургузбай, талкалоонун гана үстүндө болсок, 20 жылда токой жок калат. Ошон үчүн токойлорду сактап калуунун аракетин эртеңкиге калтырбашыбыз керек.

“Кыргызстанда гана жапайы жаңгак өсөт деп бренд кылып алышыбыз керек”

 – Мен Кыргызстандагы жападан жалгыз жапайы жаңгак токойлорун сактап калуу боюнча мыйзам жазып, демилгечи болдум. Эми ал мыйзамды өкмөт колдоп, андан ары иш жүзүнө ашырышы керек.
Айтайын дегеним, СССРдин убагындагы илимпоздордун жаңгак токоюн иликтеген изилдөөлөрүнө караганда, 35 миллион жыл мурун чаңдашуу болгон деген маалымат бар. Швейцариянын илимпоздору болсо 200 миң жыл мурун Кыргызстанда жаңгак болгон деген пикирлерин айтып жатышат. Демек, бул грек жаңгагы эмес, кыргыз жаңгагы. Ошондуктан илимий жактан Кыргызстанда гана жапайы кыргыз жаңгагы өсөрүн далилдешибиз керек. Тагыраагы, Кыргызстанда гана жапайы жаңгак өсөт деп бренд катары чыгарып алсак, экономиканын жогорулашына да чоң салым кошот элек. 

“Медицинада жаңгактын гүлүнөн тартып, маңызына чейин дары”

Жаңгак нымдуулукту сактаган, жердин кыртышын кармаган, көп жылдык бак дарактардын түрүнө кирет. Жаңгактын гүлүнөн тартып, маңызына чейин косметологияда, медицинада дарылык касиети күчтүүлүгү белгилүү. Жаңгак азык катары да ден соолукка пайдалуу. Адамдын иммунитетин көтөрүп, организмди йод менен камсыздап, эс-тутумду жогорулатып, унутчаактыктын алдын алат. Тагыраагы, жаңгактын колдонулбаган бир да нерсеси болбойт. 
Баса, жаңгактын көгүндө кыям кылса, анын дарылык касиети жогору болорун көп айтышат. 
Кудай буюрса, ушул тармакты колго алып Аксыдан Кара-Кулжага чейин бир кырка кеткен 42 миң гектар жаңгак токоюн жашартып, кеңейтип, өркүндөтүшүбүз керек.
“Жаңгактын эрте бышкан түрүн плантация кылсак, үч жылда түшүм берет”
– Молдованын тажрыйбасын эске алып, эрте бышкан жаңгактардын сортун Кыргызстанга плантация кылуу боюнча мыйзам кабыл алганбыз. Молдовандар убагында Кыргызстанга келип, жаңгак алып жүрүшкөн. Жаңгактын даамын таткандан кийин өздөрүнө плантация кылып, 15 миң гектар жерине эгип, бүгүнкү күндө Европага экспорттоп, мамлекети да, эли да пайда таап жатат. Тагыраагы, Европага беш мамлекет жаңгак экспорттосо, ошонун бири молдовандар. Алардын ар бир үй-бүлөсү жаңгактан жылына 5-10 миң евродон, мамлекети 100 миллион евродон киреше алат.
Жаңгакты плантация кылуу максатында Өзбекстан да келип жатат. Жаңгактын эрте бышкан, кабыгы жумшак сортторун плантация кылсак, үч жылда түшүм берет. Анткени жаңгак үчүн географиялык түзүлүшүбүз, жер кыртышыбыз идеалдуу. Жаңгак токойду көбөйтүп, жаңы сортун өздөштүрүп алсак, экономиканы жогорулата турган кирешелүү чоң тармак болот. Ал үчүн жаңгакты эге турган жерди ырасташыбыз керек. Асылдуулугу төмөн жайыттарды, айыл чарба багытында иштетишибиз шарт.

“Жерлерди жеке тараптарга айыл чарба багытында берели деп жатабыз”

– 9 миллион гектар жайытыбыз бар дегенибиз менен, анын 500 миң гектары таш баскан, кум баскан, жайытка жараксыз жер. Мындайча айтканда, 1 гектарынан 0,8 центнерден да төмөн түшүм берет. Бир эчки дагы тойбойт. Мына ошол жерлерди биз жеке тараптарга айыл чарба багытында берели деп жатабыз. Мисалы, сиз келип жер алам десеңиз конкурстун негизинде 5 жылга аласыз. Келишимди аткарып, бак тигип, суу чыгарып, жашылдандырып, тегерегин тосуп курчап койсоңуз сизге ал жер 20 жылга берилет. 20 жылда баштагыдан дагы жашылдандырып, мөмөсүн алып баштасаңыз 49 жылга арендага берилет. Бак тигип, жерди өздөштүрүп, түшүм алгандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, мүмкүн болушунча жайыттын категориясына кирген жерлерди иштетишибиз керек. Тажикстан дагы талаагабы, түзгөбү бак-дарак эксең мамлекеттен колдоо гана болот деген саясат жүргүзүп жатышат. Биз да ошондой максатта иш алып барышыбыз зарыл.

Көпчүлүк айылдарда айыл, андан кичине жогору чыксаңыз адыр, адырдан кийин жайыт болот. Адыр көп болсо бир-эки жума гана жайыт болот. Анан бозоргон чаң баскан талаага айланат. Мал айдай турган, мал жайыла турган жерлерден башкасын жергиликтүү калк жана жайыт пайдалануучулар менен биргелешип чечип, жаңгак эгишибиз керек. Буюрса, асылдуулугу төмөн жерлерди тактап, анан инвентаризацияга берсек, элге да, мамлекетке да пайда болот.

“Балык чарбасын өнүктүрсөк, мал чарбасынан көбүрөөк киреше табабыз” 

– Кыргызстанда 4-5 жыл мурун балык 4 миң тонна гана өндүрүлүп келген. Акыркы 2-3 жылда бир топ балык чарбалар пайда болду. Экспорт 10 миң тоннага жетти. Россия балык алып кел дегени менен, бизде алар талап кылгандай өндүрүлбөй жатат. Нарын дарыясынын шарты балык өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Кара-Көлдөн тартып Таш-Көмүргө чейин 10 балык чарбасын курууга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн, мен жаңылбасам, 4 гана балык чарба бар. 10 ири балык чарба куруп алсак, ар бири бир айда 1000 тоннадан өндүрсө, 10 миң тонна балык бир айда эле өндүрүлөт. Андай дарыяларыбыз Кыргызстанда Кудайга шүгүр. Мындайча айтканда, балык чарбасынын потенциалы абдан чоң. Россия миллиондогон калкы, эмне деген территориясы болсо да Кыргызстандын балык өндүрүү потенциалына тең келе албайт. Анткени алардын суусу начар. Ошон үчүн балык бир эле районунда өндүрүлөт экен. Биз Евразиялык шериктештик уюмуна мүчөбүз. Биз канчалык көп өндүрсөк, коңшу мамлекеттер ошончолук көп алышат. 
Биз төрт түлүк мал кармаган мал жандуубуз. Малды азайтып, балык чарбасына өтсөк, жайытты да сактап, мал чарбасына караганда көбүрөөк да киреше табабыз. 
Баса, балык чарбасын өнүктүрүү максатында мыйзам жазып, сууну кантип иштетиш керек, кандай ижарага алыш керектигинин баарын мыйзамда көрсөттүк. 

“Бал челекти көбөйтүп, балдан да жакшы киреше тапсак болот”

– Бал челек да өтө уникалдуу тармак. Бала кезде бал челек кармап чоңойгом. Бир жылда балды 3-4 жолудан тартып, 30-40 килограммдан айланды деп сүйүнүп жүрөбүз. Азыркы жаңы технология боюнча бал челек жылына бир гана жолу тартылат экен. Тагыраагы, балды аары гана бышырат экен. Жайы менен аары өзү иштетип, толтургандан кийин бир гана жолу алат экенсиң. Аарыларды дарылаганың эле болбосо, кумшекер берип, азабын тартпайт экенсиң. 

Бал аарычылыкты өнүктүрүп алсак, араб мамлекеттери, Кытай, Европага сатып пайда тапсак болот. Болгону алардын талаптарын так аткарышыбыз керек. Айтайын дегеним, балды аары бышыргандан кийин жыгач идишке куйса, жыгач идиш балдын сапатын өзгөртпөй сактайт экен. Биз балды бышырбай тартып алып же жыгач идишке куйбаганыбыз үчүн лабораториядан өтпөй калып жатат. Балды өндүрүүдө дагы талаптарын аткарсак, бул тармактан да жакшы киреше тапсак болот.
Ал үчүн органикалык продукция деп эл аралык лабораториялар таанышы керек. Биз бүгү
н пакетке салып барганыбыз менен, анын сертификаты жок болсо, органикалык продукция деп тааныбаса, пайда таба албайбыз. Ошон үчүн талапка жооп бергендей кылып, лабораторияга жеткиче таза бышырып, сертификат алышыбыз керек. Буюрса, бул маселенин алкагында балдар иштеп жатат. Алар эл аралык аренада органикалык таза продукция деп таанытуунун аракетин көрүп жатышат. 

Жыйынтыктап айтканда, агрардык тармакка жаңыча мамиле – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсү гана болмокчу деп ишенимдүү айта алам.
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021