1 октября 2020, 13:00

Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу 15 факт




#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу фактыларды сунуштайбыз:

1. Евразияда, Түндүк жана Түштүк Америкада жайгашкан бардык өлкөлөрдү кыдырган. Антарктидага, Борбордук Африкага жана Австралияга барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Австралиядан асыл тукумдуу малдарды алып келмек, бирок, COVID-19дун кесепетинен улам бара албай калган;

2. Өспүрүм кезинде патриоттук ырларды жакшы көрчү. Студент болуп жүргөндө 80-90 жылдардагы ырларды укчу. Казакстанда иштеп баштагандан тартып кыргыздын элдик ырларына көнүл буруп, ошондон бери өзгөчө баа берип угуп келет;

3. Балалык чагынын дээрлик бардыгын кой кайтарып, чоң энеси менен кийиз жасап, шырдак шырып жайлоодо өткөргөн. Бул аны бардык тараптан ийгиликтүү болууга шыктандырчу. Чоң энеси: “Окуп жатсаң, жакшы оку! Эгер бир нерсе жасап жатсаң, майын чыгара жаса! Жан дүйнөсү кенен адам бол!” – деп айтчу;

4. Көптөгөн ишканаларды ачып, ар кандай долбоорлор менен иштешип келет, бирок азыркы учурга чейин санарип технологияларды колдонбойт;

5. Жаш кезинен бери эле китеп окуганды жактырат, өзгөчө тарых китептерине кызыгат. Акыркы бир жыл ичинде Олег Тиньков менен Стив Жобстун эмгектерин окуган;

6. Мектепте окуп жүргөндө шахмат боюнча облустун чемпиону болгон, башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат жана шашки ийримин жетектеген;

7. Студент кезинен баштап иштеп, алгач жашылча базасында жашылча сорттогон. Жайкысын студенттик отряддын коштоочусу болуп иштеген;

8. Кыргыз тилиндеги жакшы көргөн макалдары: “Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!”, “Акча табылат, көңүл табылбайт!”;

9. Биринчи авто унаасы – ВАЗ-2108 “Спутник” үлгүсундөгү авто унаа, экинчиси - ВАЗ-21099 “Спутник”, андан кийин “Мерседес-Бенц W124” сатып алган. Азыркыга күнгө чейин “Мерс” үлгүсүндөгү авто унаалар менен жүрөт;

10. Советтик кинолорду, Француздардын жана Америкалыктардын комедияларын, тарыхый жана чыныгы окуяларга негизделип тартылган фильмдерди көрөт;

11. Күрөш федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин президенти;

12. Жаңы долбоорлорду алгач өзү жетектейт, обьекттин курулушун, өндүрүш технологиясын, маркетингди көзөмөлдөп, жаңы команда топтоп, өзү окутуп үйрөтөт. Качан гана жумуш өз ыргагына түшкөндө, аткаруучу директор дайындайт;

13. Жакшы көргөн спорттун түрү – шахмат жана күрөш;

14. Мектептеги жакшы көргөн сабактары – тарых, география жана адабият болгон;

15. Дүйнөдөгү эң мыкты жер кыргыз тоолору деп эсептейт. Тоолордон жакшы - тоолор гана болушу мүмкүн!!!
____________

В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию факты о Шаршенбеке Абдыкеримове:

1. Посетил все страны, расположенные в Евразии, Северной и Южной Америке. Не довелось побывать в Антарктиде, Центральной Африке и Австралии. В Австралию не успел съездить из-за COVID-19, а собирался привезти оттуда племенной скот;

2. В детские и юношеские годы любил патриотические песни. Будучи студентом, слушал «дискотеку 80-х и 90-x». Когда начал работать в Казахстане, полюбил кыргызские народные песни и с тех пор отдает им предпочтение;

3. Почти все детство провел на джайлоо, где пас овец, помогал бабушке валять кийиз и шить шырдаки. Она же привила ему мечту быть успешным во всем. Бабушка говорила: «Если учишься, учись на отлично! Если занимаешься чем-то, сделай все качественно! Будь человеком широкой души!»;

4. Успел открыть десятки предприятий, занимается различными проектами, однако пока руки не дошли до тех, что касаются цифровых технологий;

5. С детства любит читать, особенно исторические книги. За последний год прочитал труды Олега Тинькова и Стива Джобса;

6. В школьные годы был чемпионом области по шахматам, вел кружок по шахматам и шашкам для учеников младших классов;

7. Начал работать в студенческие годы. Первая работа – сортировщик овощей на овощной базе. Летом работал проводником в студенческих отрядах проводников;

8. Любимые поговорки на кыргызском языке: «Жакшылык кылсаң айтпа, айтсаң кылба!» (Сделал добро, молчи!) «Акча табылат, көңүл табылбайт!» (Деньги заработаешь, а отношения былого не вернешь);

9. Первая машина – ВАЗ-2108 «Спутник» («восьмерка»), потом ВАЗ-21099 «Спутник» («99-я»), затем «Мерседес-Бенц W124». С тех пор ездит только на «Мерсах»;

10. Смотрит советское кино, французские и американские комедии, исторические фильмы и фильмы, основанные на реальных событиях;

11. Является президентом Федерации спортивной борьбы и Национального Олимпийского Комитета Кыргызской Республики;

12. Новым проектом сначала руководит сам, начиная от строительства объекта, технологии производства и заканчивая маркетингом, продвижением продукта, сам набирает команду, обучает ее. Когда работа поставлена, назначает исполняющего директора;

13. Любимые виды спорта - шахматы и борьба;

14. Любимыми предметами в школе были история, география и литература;

15. Лучшим местом в мире считает кыргызские горы.
Лучше гор могут быть только горы!!!
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021