2 октября 2020, 11:20

Улан Садалиев: Жашоодогу негизги принциптеримдин бири – аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу




Улан мырза, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанып атасыз, өзүңуз тууралуу айтып берсеңиз.

– Кудайдын буйругу экен, 2017-жылдан тартып Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары кызматын 4 жылдан бери аркалап келдим. Эми минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөткөнүмө байланыштуу кызматымды өткөрүп бердим. 

Ички миграциянын күч алышы, жергиликтүү тургундардын жер маселесин мыйзамдуу түрдө документтештирүү да чоң маселелерден эмеспи… 

– Туура, каттоосу жок жашаган мекендештерибиз арбын. Каттоо учурунда мыйзамдардын чийкилиги маселе жаратты. Буга ким күнөөлүү? Баягы эле айыл өкмөт, акимчилик күнөөлүү болуп, көп кыйынчылыктар башыбыздан өттү. Жергиликтүү тургундардын үлүш жерин, жашаган үйүн документтештирүү маселесин жон терим менен сезгендиктен аны түп тамырынан өзгөртүү учур талабы деп ойлойм. Аткаруу бийлигинен барган депутат көп болсо мыйзамды өзгөртүүдө, аны колдоодо чоң өбөлгө түзүп бермек. Мисалы, бизге инвесторлор келсе анын маселесин 2-3 айлап чече албай кечигип калып жатабыз. Трансформация, алардын жалпы документтерин иреттештирүүгө 3 айдан ашык убакыт кетет. Маселени чечүүгө мээң жетип турса да мыйзам жол бербейт. Мыйзам чегинен чыга албай каласың. Себеби кабыл алынган мыйзам чийки. Канчалаган жарандарыбыз жер үлүшүн, үйүнө кызыл китебин ала албай убара болуп жүрөт. Трансформация маселеси чечилсе кийин инфраструктуралык маселе чечиле баштайт. Кээ бир конушта “Тез жардам” унаасы бара турган жердин дарегин таба албай калууда. Пандемия көптөгөн маселени ачыкка чыгарды. 

Пандемия деп калдыңыз. Эл башына келген бул сыноодо эмнелерди байкай алдыңыз? 

– Адамдар бири-бирине жүрөктөрү муздап бара жаткандай сезилчү. Бай, кедей деп эки ажырым болуп калганы ачык эле. Пандемия бай менен кедейди теңеп койду. Адамгерчилик сапатты ойготту. Бул бизде эле эмес, дүйнөдө болду. Кудай сыноо берди. Үй-бүлөбүзгө, жоро-жолдошторубузга, кошунабызга урмат-сыйды арттырды. Пандемия ички дүйнөнү ойготту. Эмне маселе бар экенин ачыкка чыгарды. Ошол эле ыктыярчылар, өкмөт, медицина, милиция кызматкерлери, бардык органда иштеген кызматкерлер вирус менен күрөшүүдө жапа тырмак аракет кылышты. Күч биримдикте экенин көрсөтүштү. 
Пандемияда медицина, билим берүү тармагында кетирген катачылыгыбыз оркоюп көрүнүп калды. Өзгөчө абалга даяр эмес экенбиз. СССР кезинде стратегиялык институттар болгон. Ушулар унутта калыптыр. Окумуштуу, илимпоздорубузду баалап, тиешелүү ар бир тармакка ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү караштырсак башыбызга келген апааттардын алдын алууда көп кыйынчылыктар жаралмак эмес. 

– Аягында шайлоочуларга кандай кайрылуу айтат элеңиз? 

– Шайлоочуларга айтарым, добушту сатып албай, ар бир партияны, талапкерди изилдеп, алардын аткарган ишине, кызматына туура баа берип, жүрөгү менен шайлап берсе. Жашоодогу негизги принциптеримдин бири – аз сүйлөп, көп жумуш аткаруу. Эл колдоп берсе мамлекетибиз үчүн, эл үчүн татыктуу иштеп берейин деген тилегим чоң. 

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021