2 октября 2020, 21:22

Тууганбек Чолпонбаев, талапкер: “Мекеним Кыргызстан” партиясы эл ишенимин актайт




- Кайсы жерде өстүңүз, кайдан билим алдыңыз?

- Түп районунун айылында эле өстүм. 8-класстан кийинспорт багытында билим алайын деп борборго келдим. Окууну аяктагандан кийин айылга келип, машыктыруучуболдум.  Кийин бизнес менен алек болдум. Жер иштетем, мал кармайм. Кыскасы, кирешени мал чарбасынан жанаайыл чарбасынан табам. 

- Эмне үчүн шаардык кеңеште депутат, лидер фракция болуп туруп, Түп районунан депутаттыккаталапкерлигиңизди коюп жатасыз?
- 10 жылдан бери Түп районунан депутат жок. Айылдажүрөктү өйүгөн көйгөйлүү  маселелер көп. Орчундуумаселелерди чечкенге көмөктөшөйүн, элимдин турмушунунжакшырышына салым кошоюн деген максатта “МекенимКыргызстан” партиясынан шайлоого аттандым. Кудайбуюруп депутат болуп калсам, эл үчүн ак дилден кызматкылам.

- Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандапалдыңыз?

-Биринчиден, “Мекеним Кыргызстан” жаңы партия. Экинчиден, бул партияда илимге, билимге сугарылганжаштар көп. Үчүнчүдөн, партиянын командасы күчтүү. Төртүнчүдөн, партиянын лидерлери “Исмаил Ата” фондункаржылап, кандай кырдаал болбосун карапайым элге көпкөмөк көрсөтөт. Бешинчиден, акчаны эмес, мамлекеттижогору коюшат. Ошон үчүн ушул партияга токтолдум. 

- Депутат болуп калсаңыз кайсы маселенин алкагындаиш кыласыз?

- Боло электе аны кылам, муну кыйратам дегенденалысмын. Кудай буюруп депутат болуп калсам, Кыргызстандын өнүгүшүнө, мамлекетти кризистенчыгарууга, Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө болгонаракетимди жумшайм.  Жолдорду оңдотуп, айылдыкөтөрүп, айыл чарбасын, мал чарбасын өнүктүрүүгөмүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче аракет кылам.

- Бир нече сааттардан кийин үгүт иштери токтойт, калооңуз барбы?
- Менин калоом биздин партияга ийгилик, Кудай колдосун! Элибиз аман, журтубуз тынч болсун. Жараткандын көзү бизге түз болсун!
Урматтуу шайлоочулар, 4-октябрда 4-катардагы “МекенимКыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз элдинишеничин актап, чын дилибизден иштеп беребиз.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021