2 октября 2020, 21:57

Ош ОИИБи: Алынган акча каражаты боюнча иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө




Алынган акча каражаты боюнча иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 1-октябрында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн, анда 2020-жылдын 1-октябрында саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында белгисиз адам тарабынан акча сунушталып жаткандыгы айтылган.
 
"Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 25-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын жаранында жалпы суммасы 313.000 сом акча каражаты бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда кайсыл бир партияга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тиешелүү тергөө амалдары башталып, кылдаттык менен текшерилүүдө", -  деп кошумчалады Ош ОИИБнин басма сөз кызматы.

Аталган факт Ош ОИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021