2 октября 2020, 22:37

Каныбек Султанов, талапкер: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамы күчтүүлүгү менен жакты




- Каныбек Алмабекович, кайсы жерде төрөлгөнсүз? Кайсы жакта билим алгансыз? Кайда иштейсиз?

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда төрөлгөм. Учурда эл аралык техникалык университетте проректор болуп иштейм. Жогорку окуу жайдан билим алуу абдан кыйынга, кымбатка турган. Аскерге барып келгенден кийин контракт төлөп окуган мезгилге туш келип калдым. Тагыраагы, убагында контрактты төлөй албай университетте кароолчу болдум, окуу жайдын эшигин шыпырдым. Айтор, билим алам деп көшөрүп жүрүп бардык ишти жасадым. Ачты да, токту да көрдүм. Өз киндигимди өзүм кестим. Мага окуп ал деп каралашкан деле жан болгон жок.  Ошентсе да 10 жыл дегенде юридикалык академияны аяктадым.  Бардар жашоого жетип, ишимден баар тапкан мезгилде өзүм кыйналып жүргөндөгү ниеттеримди ишке ашыра баштадым. Тагыраагы, мен сыяктуу окуйм деген ниети бар, бирок каражаты жокторго кол кабыш кылып, төрт баланын контрагын төлөп окуттум. Азыр Ак-Суудагы балдар үйүнөн чыккан бир кыз, бир жигитти окутуп жатам. Алар турмуштун кыйынчылыгынан туура эмес жолго түшүп албасын, келечегине кам көрөйүн, жашоосуна стимул берейин деген ниетте окутуп жатам. Буюрса, биринчи курсту бүтүп калышты.

- Мындай жардамды башкаларга да үлгү болуу максатында бересизби?

- Артымда жакшы из калса экен, балдарыма татыктуу ата болсом экен, мүмкүнчүлүгү жокторго билим алышына шарт түзсөм экен, жаркын келечегине салым кошсом экен деген максатта берем.  

- Депутат болуп калсаңыз кайсы тармакты өнүктүрүүгө салым кошосуз?

- Кудай буюруп, депутат болуп калсам, жаштарга жардам берем. Тагыраагы, окуп алып, иш таппай жүргөндөрдү жумуш орундары менен камсыздоого аракет кылам. Анткени Кыргызстанда окуу жайды бүткөндөр көп, бирок ишке орношкондор аз. Ата-энеси карыздап окутканына карабай, ордун табалбай жүргөн жаштар бао. Ошолорду жок дегенде ар бир айыл өкмөтүнө үч-төртөө болсо да, жумушка орноштуруп, кадр даярдоого аракет кылам. Анткени келечек жаштардыкы. Алар да иштеп, такшалып, тажрыйба топтошу керек. 
 
 - “Мекеним Кыргызстан” партиясын эмнеге тандап алдыңыз?

- Партиянын курамы, команданын күчтүүлүгү жакты. Биздин партияда жигердүү жаштар көп. Буюрса, парламентке барып калсак, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошобуз. Элибиздин жаркын жашоодо жашашына болгон аракетибизди жумшайбыз.

- Шайлоо күнү партияга ийгилик жылмаят деп ниет кылып жатасызбы?

- Албетте, жеңишке жетебиз деген ишенимим зор. 4-октябрда 4-катарга туш келип калганыбызда сүйүнүп, ийгиликке жетебиз деп ичимден төлгө кылып койгом. Буюрса, жеңишке жетебиз.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021