Жеңишбек Молдокматов дебат учурунда Адахан Мадумаровдун элден кечирим суроосун талап кылды

3 октября 2020, 09:53

Кечээ, 2-октябрда КТРКда "Биримдик", "Мекенчил", "Замандаш", "Бүтүн Кыргызстан", «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" жана "Чоң Казат" саясий партияларынын лидерлеринин дебаты болуп өттү.

Дебат учурунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров башка атаандаштарын коррупциянын үрөөнүн себип жатканын айтып, сатып алуу жолу менен шайлоого катышып жатканын билдирди.

"Коррупцияны муунта турган күн 4-октябрь", - деди Мадумаров.

Жеңишбек Молдокматов: Адахан Кимсанбаевич, менин айткан сөзүмө терикпестен, 29 жылдын ичинде президенттик кызматтан башка бардык кызматты ээлеп келдиңиз. Камераны карап, мага жооп бербестен, элден кечирим сурап койгонуңуз туура болот. Пандемия дегеним, ушул системаны 29 жыл ичинде талкалаган улуу муун болду. 

Адахан Мадумаров: Иним келечегиң алдыда. Эгерде Мадумаров 11 жылдан бери 1 кун дагы мамлекеттик кызматта болбосо, эки жагыңды карап сүйлөчү. Оозум бар деп сүйлөгөнүңдү токтотчу!

Жеңишбек Молдокматов: Адахан Кимсанбаевич, иштегениңиз жалганбы?! Улуу муун ушинтип актанып калат экенсиздер. Мамлекеттин келечеги үчүн ким жооп берет?

Адахан Мадумаров: Эгерде 4,5 миллион калк Мадумаровдун бир сөзүнө ишенген болсо, баракелде! Мадумаров эмне сөз айтса эл жасайт!

Жеңишбек Молдокматов: Баракелде! эл кол чапса, мен да чаап берем!

Адахан Мадумаров: 4-октябрь күнү чабасың!
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021