4 октября 2020, 12:42

Шайлоо башталгандан тарта добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу БШКга 21 арыз түшкөн

"Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 21 арыз келип түштү", - деп маадымат жыйын учурда БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

 Шайназаров ар бир мыйзам бузууга тиешелүү чара көрүлөрүн кошумчалады.

«Белгисиз бир адам тизме чогултуп жатат, саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, акча таратуу, шайлоо кутусунун жанында кишилер отурат, адамдар ташылып жатат, жабдыктар иштебей калып жатат, айрым телеканалдарда үгүт материалдар көрсөтүлүүдө, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдына ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат ж.б. деген арыздануулар болууда», — деди Шайназаров.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021