1 август 2020, 14:43

Сооронбай Жээнбеков Азимжан Аскаровдун иши тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек курду. 

— Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар жакында эле кайтыш болгон Азимжан Аскаров боюнча билдирүүлөрдү жасашты, бул маселеге ар кыл өңүттө мамиле кылгандар бар…

— Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди.  Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма дагы сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Ал эми мен сот чечимдерин комментарий кылганым туура эмес болуп калат.
Азыркы пандемия шартында, тилекке каршы, көптөгөн жарандарыбыз каза болушту.
Ушул айт күндөрү, жакындарын жоготкон жарандарыбызга, ким болбосун, дагы бир жолу, баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жараткан Кудай жерибизге тынчтык, элибизге жакшылыктарды берсин деп тилейм. Ушул апаатты дүйнө эли менен бирдикте жеңели. Ар бир үйгө жакшылыктарды, ийгиликтерди каалайм.
1 комментарий
  1. Аноним#1678
    Нормально он отмазался, что мол в условиях пандемии не могу комментировать, а всё таки надо было прокомментировать,как главе республики, чтобы у людей вопросы были исчерпаны.

KABARLAR.ORG 2020