Канат Жумагазиев жаӊы ыкма колдонуп, Ысык-Көлдүн аймактарындагы бардык окуучулар менен жолугушту

10 марта 2021, 14:29

— Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиевдин демилгеси менен аталган облустун бардык аймактарында мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, мектеп рэкетин, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын жана аларга карата укук бузуулардын алдын-алуу маселелери, өспүрүмдөрдүн ички дүйнөсүн ачуу, күнүмдүк жашоосундагы көйгөйлөрүн өз ооздорунан угуу максатында иштин жаӊы ыкмасын колдонулду.

— Баса белгилей кетсек, жолугушуу суроо-жооп, түшүндүрмө иши менен эле чектелбестен, окуучуларга жеткиликтүү болуу үчүн, атайын Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студент-артистери балдар арасында орун алып жаткан опузалоо жана бейбаштык, өспүрүмдүн ички дүйнөсүнө, күнүмдүк өмүрүнө кандайча терс залакасын тийгизерин сахналаштырып көрсөтүп беришти.

— Милиция жетекчилиги колдонгон жаӊы ыкма өзүнүн пайдалуу жемишин берди десек болот. Театрлаштырылган оюнга терең таасирленген өспүрүмдөр, спектакль аяктагандан кийин ачык жана тартынбастан мектеп рэкети, мектептердеги орун алып жаткан көйгөйлөр, балдар менен ата-эненин ортосундагы мамилелер жөнүндө өз ойлорун, областтык милициянын жетекчилигине айтып беришти.

— Иш-чаранын аягында Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиев мектеп окуучуларына өз кеңешин берди.








Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021