21 сентября 2020, 22:22

Айым талапкерлер теледебаты. А . Касымалиева "Жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарды камсыздап берүү зарыл"

Коомдук биринчи каналда "депутат " макаамын алууга дилгирленип, эл алдында  ар бири өз  артыкчылыгын баса  белгилеп,алдыга оозанууга аракет кылган партиялардын ортосундагы теледебат  кезек-кезеги менен өтүүдө . Бул жолку телетаймаш жалаң айымдардын катышуусу менен айрымаланды.

“Республика “ партиясынан Алтынай  Өмүрбекова  ,  “ Мекен Ынтымагынын “ өкүлү Венера Осмонбетова   , “Кыргызтан”  партиясынын таламын талашкан   Асель Атабекова,  “ Социал -Демократтын ”  атынан Айчурөк Камаева,  "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер   Аида Касымалиева катышты. 


Теледебат 3 болуктөн туруп,  алгач талапкер айымдар өз партияларын  тааныштырып,  суроолого жооп беришти.
Суроо:  Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот?

 Аида Касымалиева:  "Биздин партия медицина тармагына өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз.   Медицина кызматкерлердин базалык айлыгы көтөрүлүшү зарыл.  Жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарды камсыздап берүү  зарыл " - деди.



Венера Осмонбетова: "Пандемияда медицина тармагыбыз жылаңач экенин көрдүк. Болгону биз келечектин медицинасын түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Медициналык академиясына инновациялык программаларды киргизүү керек. Кесипкөй дарыгерлер чыгып ушундай жагдайдан чыгаруусу шарт.  Биздин программада жазылгандай, бардык жерге күчтүү кадрлар керек", - дейт.




Алтынай Өмүрбекова: "Биз партияда саламаттыкты сактоо маселесине абдан чоң көңүл бурулуп жатат. Бюджетти эки эсеге көбөйтөбүз жана анын булактарын дагы аныктаганбыз. Бүгүнкү күнү бизге электрондук саламаттыкты сактоо толугу менен керек. Ар бир киши төрөлгөндөн баштап, эң акыркы күндөргө чейин өзүнүн медициналык электрондук картасы болушу керек. Ал жерде бардык маалымат болушу зарыл." - дейт.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020