23 сентября 2020, 22:05

Гүлнара Дегенбаева: "Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек"


Коомдук биринчи каналда Жогорку Кеңешке аттанып жаткан депутаттыкка талапкер  айымдар  ортосунда телетаймаш өтүүдө.

Теледебаттын бул жолку өкүлдөрү "Мекенчил"   партиясынан " Уурулар -түрмөгө, бийлик -элге " деген урааны менен  сөз баштаган Жылдызкан Жолдошева, кыргыз тилине басым жасап Шайлообек Дүйшеевдин ыры менен кеп улап келе жатып "каккан эмес"  (билебиз деп төштөрүн каккан менен) деп айтып алган "Ата -Мекендин" атынан Элвира Сурабалдиева,   акыркы беш жылда Кыргызстандагы эн ири бизнес асассоциясын жетектеген  "Бир Бол" партиясынан Зарина Чекирбаева,  " Замандаш" партиясынан     кароосуз калган балдарды өзүмдүн  чөтөгүмөн багып келе жатам деген Дегенбаева Гүлнара  ,  мамлекеттик кызматкер  "Ордо " партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлбарчын Медетбекова  катышты.

Биринчи бөлүктө төмөндөгу суроолорго жооп узатышты.

Суроо :  Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катнаштыктардын эфективдүулүгү боюнча байма-бай айтылып келет. Уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кандай баалайсыздар жана эфективдүүлүгүн кантип арттырууга болот?


Жылдызкан Жолдошева:  "Биз  берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жокпуз. Эл аралык уюмдарга биздин өлкөнүн өкүлдөрүнөн кимиси барбасын өзүнүн укугун, Кыргыз өлкөсүнүн укугун ошол жерде жакшылап коргой албайт. Албетте, кайсы уюм болбосун, ага мүчө болуу керектүү нерсе. Бирок ал жакта КРнын кызыкчылыгын көздөй билиш керек эле. Аны мен көргөн жокмун, керек болсо ОДКБ Ош окуясында эмне кылды? Миңдеген жарандарыбыз каза болду. Бир дагы маселе чечилген жок".



Эльвира Сурабалдиева: "Коррупциядан алыс болсок, мен ойлойм биздин мамлекетке көбүрөөк пайдасы тиймек. Эң биринчи артыкчылык биздин мамлекет үчүн экономика биринчи болушу керек деп ойлойм".


Зарина Чекирбаева: "Көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Мисалы, 2015-жылы Евразеске шашып кирүү бул саясий чечим болгон. Кыргызстан өлкө катары бул уюмга кирүүгө даяр эмес болчу".

Гүлнара Дегенбаева: "Эл аралык жаңылануу болушу керек. Кыргызстан азыркы учурда чоң сыноодо турат. Кадрлык кризис абдан тоскоолдук кылат. Эл аралык кандай багытта жаңыланыш керек. Билимибиз да жетишпей жатат."
   


Гүлбарчын Медетбекова: "Өлкөдө көп каражаттар максатсыз пайдаланып жатат.Анын эсебинен кыргыздар Эл аралык уюмдардын арасында экономикалык деңгээлин көтөрө албай жатат.Элементардуу эле нерсени айта кетейин, бизде лабораториялар иштебейт, дыйкандар азык-түлүктөрүн өткөрө албайт. Булардын баары азыр жүрүп жаткан саясаттын кесепети. Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек".

6 комментариев
  1. Аноним#2594
    Сурабалдиева Момбеков болгон мамилесин да айта кетсе болмок
  2. Аноним#608
    Вот Сурабалдиева молодец, так хорошо выглядит
    1. Барчын
      не время сейчас говорить о внешности
  3. Аноним#6814
    Бир болдогу кичине грамотнный экен
  4. Аноним#6593
    Жылдызкан эжемди коргондо эле журок тушотго
  5. Аноним#6285
    Эптеп кыргызча ыр айтын десе да туура эмес кетип калыптыр но ни че жакшы иштеп берсе болду
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020