29 сентября 2015, 10:52

Аида Кыдырова: Биздин баарыбыздын душманыбыз - жакырчылык, жокчулук, коррупция, сеператизм

Ушул жылдын 22-сентябрында «Майдан.kg» гезитинин №39 санына «Сепаратист Кадыржан Батыров башында турган долбоорбу?» делген макала жарыяланган эле.

Анда “Кыргызстан” саясий партиясынын негиздөөчүсү, КР ЖКсынын 6-чакырылына ушул партиядан талапкер Шаршенбек Абдыкеримовдун өзбек сеператисттери менен байланышы бар деп, туура эмес маалымат таратылган.. Кийин бул материалды “Азаттык” радиосу жана башка көптөгөн гезиттер кайрадан басып чыгып, коомчулукта бул материал талкуу жаратып жиберди. Мындан улам редакция, аталган партия лидеринин басма сөз катчысы Аида Кыдыровага кайрылдык.

- Ушул маселе боюнча пикириңизди билели деген элек?

- “Кыргызстан” саясий партиясы кылмышкер, сеператист, элдин бейкуттугун бузган Батыров, Салахуддинов, Абдурасулов өңдүү журт бузарлар менен такыр байланышы жок жана булар менен мамиле курганга таптакыр мүмкүн эмес. Биз Кыргыз Республикасында улутуна, тутунган динине, тилине, саясий көз карашына карабай, баардык мыйзам сыйлаган жарандарыбыз менен бирдей жылуу мамиледе болуп, алар менен сыймыктанабыз. Биздин партиянын катарында орус, казак, өзбек, татар ж.б. улуттун өкүлдөрү бар. - Ысык-Көлдүн жээгинде өзбек бизнес чөйрөсүндөгү Алимбаев Салимбай Кыргызбаевичтин өкүлү менен сиздин партиянын өкүлдөрү жолугушкан имиш...

-Ал жолугушуу чын эле болду беле? Сиздин партиянын талапкери Абдыкеримов Шаршенбек жогоруда аты аталган Салимбайды кайдан тааныйт?

- Албетте, кыргызда “чыңырса да чындык жакшы” деген асыл кеп бар. “Кыргызстан” саясый партиясынын жана анын кээ бир мүчөлөрүнө карата алардын шайлоодогу добуштарын азайтуу максатында ушундай маалымат таратышыптыр. Менин билишимче, Салимбай - Өзбек Республикасынын күрөш федерациясынын президенти. Ал эми Шаршенбек Шайлообекович болсо, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясын башкарып келгени белгилүү. Чет өлкөлүк ири мелдештерде таанышып калган болушу мүмкүн. - Шайлоо алдындагы мындай ыплас маалыматтар ар качандан бир качан болуп келген. Эми мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот? - Биз демократиялык коомдо жашап жатабыз. Алдыга койгон максаттарыбыз да адилеттүү, чынчыл, өнүккөн коом курууга бел байлап турабыз.

Баардык кылган аракеттерибиз, жүргүзүп жаткан саясатыбыз жалгыз гана кыргыз калкынын жакшы өнүккөн мамлекетте жашоосуна умтулуу болуп эсептелет. Келгиле, саясатты тазалайлы, таза, туура жолдон, туура иштен баштайлы. Азыртадан араздашууга, жамандашууга бөлүнүп-жаруучулукка жол бербейли. Ушул учурдан тартып биримдиктүү болбосок, эртең кантип стабилдүү өкмөттү түзүп, кантип айткан убаларабызды эл алдында ишке ашырабыз?! Биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Биздин баарыбыздын душманыбыз - жакырчылык, жокчулук, коррупция, сеператизм. Биргелешип мына ушуларды жеңели!

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020