Көпчүлүкө белгилүү болгон NURAIYM кайрадан терезелери караңгылатылган унаалардын коштоосунда жүрөт

3 июнь 2016, 16:40

Дагы видео

Instagram социалдык тармагында жылдыз болгон NURAIYM кайра эле терезелери караңгылатылган унаалардын коштоосунда жүрөт. Бул тууралуу K-Press  маалымат агенттигинин окурманы билдирди.

«Мурда болгон ызы-чуудан соң Нурайым кичине токтолуп өзүн көргөзбөй калат деп ойлогом. Бирок, андай болбой эле ал ушуга чейин эле өзүн көргөзүп терезелери караңгылатылган унаалардын коштоосунда жүрөт. Бул видеодон унаалар катары менен тизилип шишкебек жегени бара жатканы белгилүү болду. Биздин укук коргоо кызматкерлерибиз ушундай тартип бузууну тыйганга алы жетпейби»,-деп кейиди окурман.

Эске салсак, Массалык маалымат каражаттарында Нурайым атуу кыздын кылыктары катуу талкууга алынган. Ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына терезелери караңгылатылган унаасынын жанында түшкөн сүрөттөрдү жүктөп, ал эле эмес мамлекеттик номер тагыла турган жерге өзүнүн ысымын жаздырып алганын айта кетели. 

Көпчүлүкө белгилүү болгон NURAIYM кайрадан терезелери караңгылатылган унаалардын коштоосунда жүрөт

 

Бизге дүйнөнүн булуң-бурчунан +996 553 94 94 84 номуруна WhatsApp, Viber, Facebook Messenger аркылуу кызыктуу жаңылыктар, видео же сүрөт жибериңиз.
БИЗГЕ БААРДЫГЫ КЫЗЫК!
Гулиза Чудубаева
7 ой-пикир

...

...

Бул жуманын жаңылыктары

Новостей нет

KPRESS.ORG 2016

Катта таптыңызбы?
Катаны белгилеп туруп Ctrl+Enter баскычын басыңыз