13 декабрь 2016, 11:19

Административдик ресурстун колдонулбашы жана жаңы технология таза референдумдун өтүшүн камсыздады

Административдик ресурстун колдонулбашы жана жаңы технология таза референдумдун өтүшүн камсыздады 11-декабрда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум болуп өтүп, натыйжада бул демилге кыргызстандыктар тарабынан колдоо тапты.

Административдик ресурстун колдонулбашы жана жаңы технология таза референдумдун өтүшүн камсыздады

БШКнын алдын-ала берген маалыматына таянсак, референдумга жалпы шайлоочулардын 42%ы катышты. Добуш берген шайлоочулардын 80%ы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдой тургандыктарын билдирип, «макул» деген добушун беришти. «Каршы» добушун бергендер 15%тан бир аз ашты. Референдумдун таза жана акыйкат өткөнүн добуш берүүдөн кийин бир сааттын ичинде бардык участкалардан 97% жыйынтык автоматташтырылган башкаруу системасынан Борбордук шайлоо комиссиясына берилип турганынан эле баамдасак болот. Демек, кандайдыр бир деңгээлде убакытты атайылап созуп, добуштардын санын көбөйтүү аракети жасалган жок. Бирок, ошентсе да “бүткөн иштин сынчысы көп” болуп туру. Айрымдар “болгону 42% гана шайлоочулар катышты, бул аз” дешүүдө. Ошону менен катар эле “административдик ресурстар колдонулду” деп каратып туруп жалган айткандар чыгууда. Туура, Акаев менен Бакиевдин доорунда референдумга шайлоочулардын 80-90%ы катышты деген маалыматты беришчү. Бирок, реалдуулукта анча шайлоочу катышпаганын оппозициячылдар дайыма айтып келишчү. Бул багытта белгилүү коомдук ишмер Токон Мамытов маалымат булактарынын бирине мындай пикирин билдирген: “Биринчи жана экинчи президенттердин тушунда шайлоо же референдум өтсө, оппозиция дайыма добуш берүүгө келген элдин саны реалдуулукта 30-40% болгонун айтышчу. Бирок бийлик дайыма 60-70%ты айтышчу. Ал эми 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусу 36%ты түзгөн. Башкача айтканда бул чыныгы цифралар жана таза шайлоонун көрсөткүчү. Акыркы референдум мурдагылардан айырмаланып таза жана акыйкат өттү”. Ооба, эгерде азыркы тапта бийлик оппоненттери айтып аткандай административдик ресурс чындап колдонулганда референдумга катышкан шайлоочулар 42% деп көрсөтүлбөй, бери дегенде 60% болуп көрсөтүлмөк. Бирок, учурдагы кыргыз бийлиги шайлоолордо жана референдумдарда административдик ресурсту колдонуу “тажрыйбасын” 2010-жылдан бери колдонуудан калтырып, “архивге” калтырып койгон. Эгерде андай ресурс колдонулганда кеп башка болмок. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери карай Кыргызстанда шайлоолордо жаңы технология колдоунулуп жатканы белгилүү. Шайлоочулар да биометрикалык маалыматтар аркылуу гана добуш бере алышат. Демек, кимдир-бирөөнүн атынан добуш берүү, бюллетендерди дүңүнөн урнага салып жиберүү сыяктуу өнөкөттөрдүн жүзөгө ашуусуна чекит коюлган. Ал эми референдумду шайлоочулардын 42%ынын колдогону да бул чоң жетишкендик. Демек, элибиз өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгы, коопсуздугу жана стабилдүүлүгү үчүн камкордук көргүсү келет. Эгерде мына ушундай темпибизди жоготпой, мындан ары да шайлоолорду, референдумдарды таза өткөрүүнү уланта берсек, анда өлкөбүз чыныгы өнүгүү жолуна түшө алат.

Ольга Смирнова
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

...

...

Бул жуманын жаңылыктары

Новостей нет

KPRESS.ORG 2016

Катта таптыңызбы?
Катаны белгилеп туруп Ctrl+Enter баскычын басыңыз