Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова: “Бизди улут катары сактап келген – көөнөрбөс салтыбыз…”

Жүгү оор тар­мак­та­гы негиз­ги фигу­ра­лар­дын бири Нур­гүл Жакы­пов­на менен бул сапар да жур­на­ли­ст­тик тилек­тин ыңгайы кел­ген­дик­тен маек­те­шүү буй­ру­ду. Жасал­ма­лык­тан качып, жан­дуу маа­най­да улан­ган биз­дин маек­те каар­ма­ны­бы­здын үй-бүлөлүк жашо­осу, сот туту­му, депу­тат­тык­ка атта­на­ар-аттан­ба­сы, или­мий иши­нен тар­та диний ише­ни­ми, каа­да-салт­ка бол­гон көз-кара­шта­ры­нын барды­гын суро­ого үлгүр­дүм. Эме­се, бул жагын эл баа­ла­сын!

— Нур­гүл Жакы­пов­на, эр орто­ну элүү жаштан өткөн соң тур­муш­ка, өзгөчө үй-бүлө­гө кара­та көз-караш кан­дай нук­ка өзгөрөт экен? Жаш өйдөлө­гөн сай­ын карье­ра баш­та­ган көр­пен­де­лик түшүнүк­төр эмес, үй-бүлөлүк баа­лу­у­лук­тар баш­кы план­га чыгат бекен? Же сиз­де мын­дай өзгөчөлүк­төр бай­кал­ба­ды­бы? Л.Толстойдун “Адам үй-бүлөдө гана бак­ты­луу боло алат” деген учкул кеби кан­ча жаштан тар­та өзгөчө маа­ни­ге ээ боло­рун аңда­ды­ңыз? 

— Абдан туу­ра суроо. Бир эсе­ден ойлон­ду­ра тур­ган, өткөн-кет­кен убак­ты­ңа саре­сеп салып, элүү жаш­ка чей­ин­ки жана элүүдөн кий­ин­ки таг­ды­ры­ңа көз чап­тыр­чу собол экен. Эр орто­ну кур­ак­ка кел­ген­че окуу, карье­ра, үй-бүлө куруу өңдүү баа­лу­у­лук­тар­дын барды­гы­на жаштык жигер менен уба­гын­да жети­шип­тир­мин. Бул жагы­нан маң­дай­га жаз­ган таг­ды­ры­ма тобо кылып, Жара­ткан­га миң ирет ыра­азы­чы­лык бил­ди­рем. Азыр бал­да­рым­дын алды 30га келип кал­ды. Жол­до­шум экөөбүз небе­ре арты­нан небе­ре күт­көн бак­ты­луу курак­та­быз. Кезе­гин­де үй-бүлө менен жуму­шум­ду бир­дей алып кет­кен­ге үлгүр­гөнү­мө бир эсе­ден азыр таң­га­лып да коем.

Аял киши­нин мам­ле­кет­тик жооп­кер­чи­лик­түү кыз­мат­тан ийги­лик­түү карье­ра жасо­осу­на үй-бүлөң өбөк-жөлөк, өмүр­лүк жол­до­шуң арка-бел бол­бо­со, кый­ын эле болот. Ушул курак­та жуму­штан чар­чап кай­ткан­да небе­рем­дин күн сай­ын бир­ден кылык­та­ры менен тат­туу күл­күсүн көр­гөн­дө бүтүн дүй­нөнү уну­туп, алтур­гай үйгө кел­ген­де сот­тук бет пар­дам­ды сый­рып салып алар менен бала болуп кошо ойноп кетем. Жаш курак­та жуму­штун арты­нан түшүп жүрө берип, бал­да­рым­дын кан­тип чоңой­го­нун деле бил­бей, нари­сте­лер­дин бал жыты­на маг­ды­рап “мас бол­боп­тур­мун”. Жаш өйдөлө­гөн сай­ын нари­сте­ле­риң­дин тат­ту­у­лу­гу ушун­ча­лык били­нет тура. Мен үй-бүлөлүк очо­гум­дун алтын түр­кү­гүн бекем­де­ш­ти баш­кы баа­лу­у­лук, жашо­ом­до­гу айны­гыс алтын эре­же ката­ры билем. Кыз­ма­ты­ма же дара­жа­ма кара­бай жашо­одо­гу негиз­ги өзө­гүм бол­гон кай­ын жур­тум­дун алдын­да келин­дик мил­де­тим­ди арка­лап, жол­до­шу­ма татык­туу жар, алтын апам менен бир туу­ган­да­рым­дын сый­мы­гы болу­штан, бал­да­ры­ма асыл эне­лик вазый­пам­ды арка­ла­штан, буга удаа сүй­гөн жуму­шум­ду кошо алып, эли­биз­ге эмгек кылы­штан Жара­ткан айыр­ба­шын тиле­нем. Жашоо обра­зым­да үй-бүлөм менен сүй­гөн жуму­шу­ма кара­та мын­дан баш­ка­ча деле боло албайм…

— Сот туту­мун­да сиз­че­лик бар­дык теп­ки­чтер­ди ийги­лик­түү басып, бай тажрый­ба­га ээ бол­гон­дор сана­луу эке­нин ашын­ган душ­ман­да­ры­ңыз деле тан­ба­са керек. Прак­ти­ка­лык бий­ик тажрый­баңы­зды илим менен айка­лы­шты­руу пла­ны­ңы­зда бар­бы? Же кыр­гыз чинов­ник­те­рине мүнөздүү бол­гон пен­си­я­га чык­кан соң бул тар­м­ак­ка биро­то­ло сүң­гүп кирүүнү мак­сат кыл­ды­ңы­з­бы?

— Эмгек жолум­да­гы алгач­кы чый­ы­рым­ды про­ку­ра­ту­ра тар­ма­гы­нан баш­та­гам. Бый­ыл ал чый­ы­рым­дын баштал­га­ны­на 30 жыл тол­ду. Бул ара­лык­та бир топ жыл­дар билим берүү тар­ма­гын­да, ал эми 2003-жыл­дан бери сот туту­мун­да иштеп кела­там. Кан­ча­лык бий­ик тажрый­ба­га ээ бол­гон күн­дө деле билим алуу, өзүңдүн үстүңдөн ар убак иштөө өңдүү сапат­тар­ды унут­та кал­ты­руу бол­бойт. Аалам­да­шу­у­нун мын­дай жара­я­ны­нан мен деле кал­ба­ган­га ара­кет кылам. Сту­дент­тер менен баар­ла­шып, алар­га лек­ция окуп туруу ишим­де­ги айны­гыс эре­же­ле­рим­дин бири. Өлкөбүздө­гү сот систе­ма­сы, тар­мак­та­гы оош-кый­ыш рефор­ма­лар, Баш мый­зам­да­гы сот тар­ма­гы­нын күң­гөй-тес­кей бере­не­ле­ри, анда­гы ийги­лик­тер менен тарыхы, мый­зам­дар­дын өзгөрү­шү боюн­ча “Сот рефор­ма­сы­нын Кон­сти­ту­ци­я­лык укук көй­гөй­лөрү” ата­лы­шын­да­гы юри­ди­ка илим­де­ри­нен кан­ди­дат­тык ишим­ди 2021-жылы ийги­лик­түү кор­гоп алдым. Кудай буюр­са илим­де­ги изги ишим­ди муну менен ток­тот­пой, алды­да док­тор­лук дис­сер­та­ци­ям­ды ийги­лик­түү кор­гоп алуу мак­са­ты турат. Андык­тан, эжең пен­си­я­га чык­кан күн­дө деле “жөн отур­байт”. Илим менен алпу­ру­шуу, тео­рия менен прак­ти­ка айка­лыш­кан бий­ик тажрый­бам­дын арты менен шакирт­тер­ди даяр­доо маша­ка­ты күтүп турат…

— Карье­ра, или­мий иш, эл кыз­ма­тын­да жүр­гөн айым ката­ры салт-сана­а­дан, айрык­ча, кыр­гы­здын аял­да­ры­на таан­дык “жазыл­ба­ган эре­же­лер” менен диний баа­лу­у­лук­тар­га, шари­ят­тын алтын эре­же­ле­рине кан­ча­лык деңг­э­эл­де жакын­сыз?

— Дин өтө эти­ят­тык­ты талап кыл­ган тема. Мен салт­туу дин­дин жак­то­очу­су­мун. Ал эми ырым-жырым, каа­да-салт, үрп-адат жагы­нан кыр­гы­здын өзүнө таан­дык тар­би­я­лык маа­ни­си зор, чоң фило­со­фи­я­га ээ аяба­ган­дай сонун, кай­та­лан­гыс баа­лу­у­лук­та­ры­быз бар. Биз ушун­дай чене­бе­ген зор баа­лу­у­лук­та­ры­бы­зды адеп жай­ы­л­тып ала­лы­чы. Өзгөчө жашта­ры­бы­здын ара­сы­на… Мен ар убак кыр­гыз болуп жарал­га­ны­ма Жара­ткан­га шүгүр кел­ти­рем. Эли­биз­дин бир эле мака­лы эмне деген фило­со­фи­я­ны кам­тыйт! Бүтүн дүй­нөнү кыды­рып, ар бир мам­ле­кет­тин өзүнө таан­дык улут­тук сал­ты­нан аз да бол­со кабар­дар бол­дум. Ал эми эч бир элди­кине окшо­бо­гон жен­тек той­дон баштап, тушоо той, сүн­нөт­кө отур­гу­зуу, алтур­гай мар­кум­ду уза­ту­у­га чей­ин­ки кыр­гы­здын көөнөр­бөс баа­лу­у­лук­та­ры менен салт-сана­а­сы, улут­тук кий­им­де­ри­биз менен оюн­да­ры­бы­здын фило­со­фи­я­сы баары бир өзгөчө орун­да тур­га­ны­на жашың өйдөлө­гөн сай­ын ына­на­сың. Биз­ди улут ката­ры, кыр­гыз ката­ры сак­тап кел­ген ушун­дай көөнөр­бөс салт­та­ры­бы­зды муун­дан-муун алмаш­кан келе­чек­те­ги урпак­та­ры­быз­га татык­туу өткөрүп берүү ыйык мил­де­ти­биз деп эсеп­тейм.

— Жогор­ку Сот­тун тарых­ын­да тар­мак­тын “эки тиз­гин, бир чыл­бы­рын” кол­го алган кан­чан­чы жетек­чи­си бол­дуңуз?

— Жогор­ку Сот­тун 100 жыл­дык бай тарых­ын­да тар­мак­ты жал­пы 29 жетек­чи баш­кар­са, анын ичи­нен аял­дар­дын ара­сы­нан жүгү оор сот туту­мун баш­кар­ган жетин­чи төрай­ым­дык мил­дет менин маң­дай­ы­ма энчи­ле­нип­тир. Бул жагы да таг­дыр-ташпи­ши­ме Жара­ткан­дан ыроо­лон­гон өзгөчө бир жыша­ан деп кой­сом болот.

— Сиз­дин ишиңиз­ге бай­ла­ны­штуу бир фак­ты­ны так билем. Өлкө ичин­де­ги, деге­ле алыс-жакын­кы мам­ле­кет­тер­ге жаса­ган иш-сапар­ла­ры­ңы­зда­гы оку­ган доклад, баян­да­ма­ла­ры­ңы­здын маз­му­ну так, кызык­туу маа­лы­мат­тар­га шире­ли­шет. Андай ана­ли­ти­ка­лык багыт­та­гы баян­да­ма­ла­ры­ңы­зды даяр­до­ого бирөө-жарым көмөк­чү боло­бу? Же өзүңүздүн мээнет астын­да даяр­да­ла­бы?

— Алыс-жакын­кы мам­ле­кет­тер­ге бол­гон жумуш­чу сапар­лар­га албет­те, атай­ын даяр­дал­ган доклад­да­рым менен барам. Андай доклад­дар­ды даяр­до­одо сот тар­ма­гын­да­гы иште­ген бий­ик тажрый­баң “жар­дам­га келет”. АКШ, Кытай, Индия, Гер­ма­ния, Фран­ция баш­та­ган дүй­нөнүн дээр­лик бар­дык өлкөлөрүнө бол­гон сапар­ла­рым күнү-түнү даяр­дал­ган доклад, баян­да­ма­лар менен кошто­лот. Жур­на­ли­ст­тик кылып андай жүрү­штөрүм­дүн барды­гын ала­кан­га сал­ган­дай бай­кап жүр­гөнүңө бир эсе кубан­дым. Кан­дай доклад же өзүң айткан­дай өзө­гүнө көп маа­лы­мат­тар шире­лиш­кен баян­да­ма­лар бол­сун алар­дын жазы­лы­шы менен маз­му­ну­на өзү­мө таан­дык “сти­лим” менен фак­ты­лар­ды кынап­тап, даяр­да­нам. Бул жагы­на абдан дыкат­тык менен көңүл бура­арым­ды кесип­те­ш­те­рим абдан жак­шы били­шет. Буга удаа сөз, ушул тап­та чет өлкөлөр­дө­гү кесип­те­ш­те­ри­биз менен эл ара­лык ала­ка­ла­ры­быз жаңы сапат­тар­га көтөрүлүп, тажрый­ба алма­шуу, адистик деңг­э­эл­ди жого­ру­ла­туу боюн­ча атай­ын оку­у­лар да уюшту­ру­лу­у­да. Сөз ыңгайы кел­ген­де тар­мак­та­гы ушу­га окшо­гон изги иштер­ди адилет­түүлүк үчүн айтып коюш абзел.

— Өзүңүз бил­ген­дей, алды­да­гы пар­ла­мент­тик шай­ло­онун эре­же­си кызуу тал­ку­у­ла­нып, бул жол­ку жары­шта айым­дар­га жак­шы артык­чы­лык­тар кара­лу­у­да. Күтүлүп жаткан пар­ла­мент­тик жары­шта депу­тат­тык­ка ат салы­шуу кыя­лы­ңы­зда бар­бы?..

— Мен үчүн күтүүсүз, бир эсе­ден ойлон­ду­ра тур­ган собол экен. Өмүрүм­дүн көп бөлү­гүн мен сот тар­ма­гы­на арна­дым. Жогор­ку Сот­тун төрай­ымды­гы­на чей­ин жет­тим. Азыр да алдым­да эл камы үчүн иштей тур­ган кыз­ма­тым бар. Мын­дай шар­тта мый­зам чыга­руу орга­ны­на барып иштеп, шай­ло­ого каты­ша калай­ын деген азы­рын­ча оюм жок. Аны­гын­да Пар­ла­мент­тин кура­мы мен бар­ба­ган күн­дө деле күчтүү юри­ст­тер менен эко­но­ми­ст­тер­ден курал­са, мый­зам чыга­руу иши үчүн алды утуш бол­мок… Ооба, буга дей­ре Пар­ла­мент­те аял­дар­дын кво­та­сы сак­тал­бай, Жогор­ку Кеңе­ш­те өтө аз сан­да­гы айым­дар­дын кура­мы бол­гон учур­лар­ды көр­гөн­бүз. Жаңы суну­шта­лып жаткан шай­лоо туу­ра­луу мый­зам­да аял­дар­га абдан жак­шы артык­чы­лык­тар карал­га­ны­нан кабар­дар бол­дум. Айым­дар­га дал бүгүн­күдөй мам­ле­кет тара­бы­нан артык­чы­лык же кол­доо бол­бо­со, алар­дын мый­зам чыга­руу ишине кели­ши кый­ын болуп кала­арын буга чей­ин­ки тарых­ы­бы­зда көр­дүк. Андык­тан, суну­штал­ган шай­лоо боюн­ча мый­зам дол­бо­орун­да аял­дар­га карал­ган артык­чы­лык кол­до­ого арзыйт.