11 января 2019, 11:47

Депутат: Өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер таба албай жатса керек

 

 

Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.

Депутат Аалы Карашев белгилегендей, өкмөт мүчөсү кызматынан кеткен же бошотулган учурда премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунушташы керек.

"Жаңы жылга чейин өкмөт башчыдан сунуш түшкөн эмес. Азыркы учурда депутаттар аймактарды кыдырып жүрөбүз, өкмөт башчыдан сунуш түшкөнүн же түшпөгөнүн билбейм. Кыргыз өлкөсүндө кесипкөй, билимдүү жигиттерибиз көп. Өкмөт жетекчиси чечкиндүүлүк кылып, ошолордун ичинен татыктуусун тандап алып ишеним көрсөтсө болмок. Өкмөттө кадрдык кризис бар же жок деп айта албайм. Өкмөт транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер таба албай жатса керек", - дейт Карашев.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021