14 января 2019, 12:19

Акылбек Жапаров: Өкмөт жетекчилерин тартипке чакыралы, бирөө тойдо, бирөө эс алууда. Иштебесе кетсин!

 

 

"Өкмөттүн жетекчилерин тартипке чакыралы. Бирөө тойдо, бирөө эс алууда. Карап коё берели деп жатып парламенттин салмагын жоготуп жатабыз",- мындай оюн депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бугүнкү жыйынында билдирди.

"Эмки жолу биздин комитеттин жыйынына чакырылган министрлерди иштен алсын деп премьер-министрге депутаттар сунуш беребиз. Иштебесе кетсин! Иштейм дегендер толтура", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн 14-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда "Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралар алдында жыйынга чакырылган өкмөт жетекчилеринин өздөрү эмес, орун басарлары келген.

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021