15 января 2019, 12:26

Азимбек Бекназаров: Президенттер каалагандай өзгөртүп, мыйзам, укуктар менен ойногон

 

 

"Президенттер каалагандай өзгөртүп, мыйзам, укуктар менен ойногон", - мындай оюн Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан, өткөн жылдын ноябрь айында болгон курултайдын чечимдерин аткаруу максатында Конституциялык реформа боюнча элдик демилге менен даярдалган мыйзам долбоорунун бет ачарына арналган конференцияда билдирди. 

"24-ноябрда өткөн курултайдан кийин өзгөрүү болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Реформа өткөрүү боюнча мыйзам жазып жатабыз. 10 миң кол топтоп реформа өткөрүшүбүз керек. Ар кимибиз ар кандай бийликти каалайбыз, ошол себептен биз биригишибиз керек. Биригүү жолу менен компромисске баруу керек. Конституция 11 жолу өзгөргөн, анын тогузун президенттер өзгөрткөн. Президенттер каалагандай өзгөртүп, мыйзам, укуктар менен ойногон", - деди Азимбек Бекназаров.

Эскерте кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышууда.



2 комментария
  1. Абийир
    "грош цена" такому прокурору, убагында эч нсрсе кылбаган, азыр айткандын эмне кереги бар Лох как прокурор обещал все что нечестным путем захвачено вернуть и, ни одно дело так и не показал, и балабол как политик
    1. Абийрин менен
      Мега ком каприз витяз, азия унвер банк, общий 48 объект национализация болгон ушул кишинин убагында ! Бул кишиден кийин бир ботолко да мамлекетке отподу! Урод жакшылап окуп жур же болбосо прокурортурага барып сура

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021